2-сентябрь күнү 1-класстан 3-класска чейинки окуучуларга маршруттук таксилерде жол акы алынбайт

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын мекемесинде Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун жүргүнчүлөрдү ташуучу маршруттук таксилердин айдоочулары менен жыйын өттү, жыйындын жүрүшүндө Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери, Жүргүнчүлөрдү ташуучу маршруттук таксилердин айдоочуларына жүргүнчүлөрдү ташууда баардык эрежелерди сактоого, жүргүнчүлөргө сылык мамиледе болуу, унаанын ичинде тазалыкты сактоого жана айдоочулук маданияттуулукту, жол кыймылынын эрежелерин бузбоого, жүргүнчүлөрдү ашыкча шыкап салбоого чакырышты. Жүргүнчүлөрдү ташуучу маршруттук таксилердин айдоочуларына 2-сентябрь күнү  1-класстан 3-класска чейинки окуучуларга жол акысын албай жеткирүүнү сунушташты. Айдоочулар дагы туура сунуш экендигин айтышып,  колдоо көрсөтүштү. 2019-2020 окуу жылында жаш өспүрүмдөрдүн катышууда болуп жаткан жол кырсыктарын алдын алуу жана болтурбоого багытталган көптөгөн маанилүү профилактикалык иштерди,  жол кыймылынын катышуучулары менен биргеликте жүргүзүлгөндө жана жол эрежесинин баардык эрежелерин сакталганда гана азайаарын белгилешти. 2-сентябрь күнү 1-класстан 3-класска чейинки окуучуларга маршруттук таксилерде жол акы алынбайт.