Кыргызстандын «Жол кыймылынын жаш тескөөчүлөрү» командасы Казах Республикасында болуп өткөн ХIХ-эл аралык слетунда, үчүнчү орунду багындырышты.

2019-жылдын 25 август күнү, Казак Республикасынын, Караганда шаарындагы Баримбек Бейсенов атындагы КР ИИМдин академиясында жол кыймылынын жаш тескөөчүлөрүнүн кыймылынын Газиз Байтасов атындагы XIX Республикалык слётунун жабылуу аземи болду. Жабылуу аземине КР ИИМдин АПК (административдик полиция комитетинин) кызматкерлери, ЖКЖТ кыймылынын ардагерлери жана башка 300 ашык коноктор катышышты.

Он күн ичинде балдар бири-бири менен достошуп, вело жолу менен, сахна менен таанышууга саптык кароо, велосипед менен тегеренип айдоо, велосипедди унаа шаарчасында айдоо боюнча жана теориялык жагынан “Жаш санитарлар”, “ Жол кыймылынын эрежелерин билгичтер” сыяктуу бир нече сынактарда күч сынашышты.

Сынактын жыйынтыгында XIX Республикалык слётунун 20 тайпасынын ичинен биринчи орунга Белорус Республикасынан келген ЖКЖТ, экинчи орунга Россия Федерациясынан ЖКЖТ, үчүнчү орунду Казак Республикасынын жана Кыргыз Республикасынын ЖКЖТ ээ болушту. Слёттун жабылуу аземинде жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземи өттү.

Ар бир өзүн көрсөтө алган катышуучуга уюштуруучулар тарабынан баалу сыйлыктар тапшырылды.

Кыргыз Республикасынан барган тайпанын командири Белеков Барсбек, так жана даана команда бер алгандыгы үчүн,тайпанын мыкты командири болуп табылып, диплом жана баалу сыйлыктын ээси болду.

Жол кыймылынын коопсуздугун сактоодо, Кыргыз Республикасы, Россия Федерациясы, Белорусия жана Казак Республикасынын ИИМ арасында эл аралык катнашты өнүктүрүүдө кошкон салымы үчүн  Казак Республикасынын ИИМдин сыйлыгы менен бир катар кызматкерлер грамота менен сыйланышты.