Караганда Кыргызстан, Россия, Белоруссия командалары катышкан Республикалык, жол кыймылынын жаш тескөөчүлөр слетту уланууда.

Караганда Кыргызстан, Россия, Белоруссия командалары катышкан Республикалык,  жол кыймылынын жаш тескөөчүлөр слетту уланууда.

Учурда  республикалык слеттун 200 дөн ашык катышуучулары, жол кыймылынын жаш тескөөчүлөрү, Беримбек Бейсенов атындагы  Казак Республикасынын ИИМдин Карагандадагы Академиясына жайланышкан. Балдар бири-бири менен достошуп, вело жолу менен, сахна менен таанышууга жетишкен. Буга чейин жол кыймылынын жаш тескөөчүлөрү  - саптык кароо, велосипет менен тегеренип  айдоо, велосипетти унаа шаарчасында айдоо боюнча жана теориялык жагынан  “Жаш санитарлар”, “ Жол коопсуздугунун эрежелерин билгичтер” сыяктуу  бир нече сынактарда  салгылашышкан. Мисалы “Жаш санитарлар”, “Жол коопсуздугунун эрежелерин билгичтер” аттуу сынагыда мектеп окуучулары жол эрежелери жана биринчи медициналык жардам көргөзүү боюнча теориялык билимдерин көргөзүшкөн. Саптык кароого балдаар жол кыймылынын жаш тескөочүлөрүнүн парадтык кийими менен келишкен. Калыстар алардын сырткы келбетине, саптагы кабыл алуу жана атайын утавка ылайык саптык жүрүм турумуна өзгөчо көңүл бурушкан.

Велосипет менен тегеренип  айдоодо катышуучулар өздөрүнүн мүмкүнчүлүктөрүн жана чеберчиликтерин “восьмерка”, “слалом”, “желоб”, “качели” жана башка номурларында көргөзүштү.

Унаа шаарчасында ар бир катышуучу жагдайга жараша ориентир алуу менен атайын маршрутту, велосипедте кадимки жол шартында айдап өтүү мүмкүнчүлүгүн көргөзө алышты. Биринчи турдун баардык кыйынчылыктарына карабастан балдар, алдына коюлган тапшырмаларды татыктуу аткара алышты.