Бул норма тизмеси Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган атайын автоунааларга жайылтылбайт.

Транспорт каражатын айдоосу менен терезелерин күңүрттөөнүн жана (же) маңдайкы терезелерин алдыңкы эшиктердин, анын ичинде кустардык, өнөр жайлык даярдоо же аларга пардоо же бар болгон айнектерде күзгү түсгө күңүрттөөнү  жабуу, 3-категориядагы айып салууга алып келет (5500сом).

Бул норма тизмеси Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган,  атайын автоунааларга жайылтылбайт.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 30-июнундагы №363 Автомобилдин алдыңкы каптал айнектеринен көрүүнүн чектелишин - күңүрттөөнүн (жабуунун) болушун талап кылган атайын автотранспорт каражаттарынын тизмесин бекитүү жөнүндө токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасынын кызматтык автотранспорт каражаттары.

2. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматтык автотранспорт каражаттарын кайтарууну жана коштоону (эскорттоочу) жүзөгө ашыруучу Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин 9-кызматынын, Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасынын, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасынын кызматтык автотранспорт каражаттары.

3. "Кыргыз инкассациясы" жабык акционердик коомунун акчалай каражаттарды жана баалуу жүктөрдү ташуу боюнча атайын транспорттору.

4. Соттолгон жана камакка алынган адамдарды ташуу (конвой менен алып жүрүү) үчүн арналган атайын кызматтык унааларга.

Ошентип, алдыңкы каптал эшиктердин, маңдай терезелерин күңүрттөө жана (же) каптал айнектери күңүрттөөлгөн транспорт каражаттарын башкарууга, жогоруда көрсөтүлгөн тизмеге кирбеген иштеп чыгуу ыкмасына, анын ичинде өнөр жай (заводдук) ыкмасында жазалгандыгына карабастан тыюу салынат.

Баяндалгандарга байланыштуу автомашина Лексус LХ570 маркадагы, номери В7700АА, анда Ө.Т.Бабанов жүргөндүгү, унаага тийиштүү күңүрттөлгөн уруксаат кагазы болушу мүмкүн эмес.

Бишкек ШИИББгы боюнча Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы тарабынан, бул автомобилдин алдыңкы каптал айнектеринен көрүүнүн чектелишин - күңүрттөөнүн (жабуунун) болушун талап кылган атайын Кыргыз Республикасынын экономика Министрлигинин алдындагы стандартташтыруу жана метрология боюнча Борборуна, аныктоо үчүн жолдомо берилди. Транспорт каражаттарынын айнектеринин жарык өткөрүүсү (күңүрттөлүүсү) Бажы бирлигинин Техникалык регламентинин талаптарына ылайык (Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө Кодексинин 129-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык)  келүүсү керек.