Чүй облусунун беш стационардык постторунда видео көзөмөл камералары орнотулду

Коопсуздукту камсыздоо, ошондой эле жол кыймылын көзөмөлдөө боюнча кызмат өтөгөн инспектордук курам тарабынан белгиленген коррупциялык көрүнүштөрдү болтурбоо максатында Чүй облусунун беш стационардык постторунда видеобайкоо камералары орнотулган. Видеокамералар, бардык посттордун ички жайларын, ошондой эле бүтүндөй тышкы аянтын камтыйт. Камералар орнотулушу баардык аянтын камтып, "жашырын зона" дегендей, көмүскө жери дагы калбайт. Транспорт каражаты токтогондон, документтерди текшерүүдөн жана инспекторлордун бардык аракеттери видеого жазылат. Интернет-булагы боюнча реалдуу убакыт шарттарындагы бардык видеокамералардан жазуулар КР ИИМ ЖКККББнын борбордук мониторунда чагылдырылат жана жооптуу кызматкерлер тарабынан көзөмөлгө алынат, жазуулар серверде 30 сутка сакталат. Зарыл болгон учурларда видеотасмалар каралат. Ошентип, мүмкүн болуучу коррупциялык көрүнүштөр кыйла азаят жана жол кыймылына көзөмөлдү жүзөгө ашыруу боюнча иштин натыйжалуулугу жогорулайт.

Ошондой эле, бул кызматтарда жакынкы аралыкта атайын комплекстерин орнотуу пландалууда, издөөдө жүргөн жана анын ичинде төлөнбөгөн айып менен изделген автотранспорт каражаттарын, атайын унаалардын өздүгүн аныктай алган программалык камсыздоо менен камтылмакчы.

Жогоруда көрсөтүлгөн видеобайкоо камералары Чүй облусунун Киргшелк, Ленин, Ак-Жол, Военно-Антоновка жана Сосновка айылдардагы стационардык посттордо орнотулган.