Кыргыз Республикасынын ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери Грузиядан келген эксперттер менен жолугушту.

2019-жылдын 15-август күнү Кыргыз Республикасынын ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери Грузиядан келген эксперттер, тактап айтканда Грузиянын ИИМнин Патрулдук полиция департаментинин директорунун орун басары Леван Мачавариани жана Тбилиси шаарынын Патрулдук полиция башкы башкармалыгынын башчысынын орун басары Зураб Рухадзе менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө Грузиянын полициясындагы реформа, анын жыйынтыгында укук коргоо органдарына болгон жарандардын ишеними бекемделгени, андан сырткары “Коопсуз шаар” долбоорунун ийгиликтүү ишке ашканы жөнүндө сөз болду. Ошондой эле, Грузиядан келген эксперттер ушул реформа боюнча кызыктуу маек куруп беришти. “Коопсуз шаар” доолбору ийгиликтүү ишке ашканын, анын натыйжасында жолдордогу абал өзгөрүлгөнүн, үч жыл ичинде Грузияда полицияга болгон калктын мамилесине маниторинг жүргүзүлгөнүн, ушул мезгил аралыгында полицияга болгон элдин ишеними 70-80% өскөнүн айтып беришти. 2019-жылдын 13-августунда Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясына чет элдик укук коргоо органдары менен алдыңкы тажрыйбаларын бөлүшүү максатында Грузиянын ИИМнин Патрулдук полиция департаментинин директорунун орун басары Леван Мачавариани жана Тбилиси шаарынын Патрулдук полиция башкы башкармалыгынын башчысынын орун басары Зураб Рухадзе келишкенин эске салабыз. Аталган эксперттер Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгынын кызматына сынактан өтүп, учурда билим алып жаткан талапкерлерине жана ЖКККББнын кызматкерлерине сабак өтүштү. ИИМдин ЖКККББнын Басма сөз кызматы