ЖКККББ транспорт каражаттарын мажбурлап эвакуациялоо ишин баштады.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 4-апрелиндеги №202 токтому менен бекитилген эрежелери жөнүндө "Транспорт каражатын мажбурлап эвакуациялоонун, аны адистештирилген токтотуучу жайга жайгаштыруунун, сактоонун жана дөңгөлөктөргө блокираторлорду же жабдыктардын башка түрлөрүн колдонуунун"

2019-жылдын 15-август күнүнөн баштап Кыргыз Республикасынын ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы тосколдуктарды жаратып токтотулган унааларга жана тыюу салган жол белгилери 3.27 “Токтоого тыюу салынат” жол белгилеринин талаптарына баш ийбеген айдоочулардын транспорт каражаттарына мажбурлап эвакуациялоо иштерин жандандырылды.

Эгерде айдоочу жогоруда көрсөтүлгөн жол белгилери 3.27 “Токтоого тыюу салынат” жана тосколдук жаратып авариялык абалга алып келген учурларда, транспорт каражаттарын атайын айып аятчасына мажбурлап эвакуаторлор менен жеткирилип Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинин 123-1 беренесинин 1-бөлүнө ылайык пратоколдор толтурулат, айып пул 2-категориясы менен каралган (3000сом).

Эвокуатордун кызмат акысы (1250 сом) айдоочунун эсебинен жүргүзүлөт жана буга чейин коопсуз шаар алкагында орнотулган аппараттык программалык комплексинин штаттык режиминде катталган бузуулар болсо,   айып пулду төлөгөндөн кийин унаа каражаты ээсине кайтарылып берилет.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-ноябрындагы  №544-токтомунун 2-бөлүгүнө ылайык “Транспорт каражатын мажбурлап эвакуациялоо жана транспорт каражатынын ордун которуу, адистештирилген токтотуучу жайга жайгаштыруу” жобосунун негизинде жүргүзүлөт.

Транспорт каражатын адистештирилген токтотуучу жайга мажбурлап эвакуациялоо төмөнкү жерлерге токтоп жана туруу эрежесин бузганда жүзөгө ашырылат:

- темир жол өтмөгүндө, тоннелдерде;

- тротуарларда, веложолдордо;

- эстакадаларда, көпүрөлөрдө, жол өткөөлдөрүндө (эгерде бул багытта жүрүү үчүн үч тилке бар болсо) жана алардын алдында;

- жол чийиндин үзгүлтүксүз линиясы менен (транспорт жүрүүчү бөлүктүн четин белгилөөчү сызыктан тышкары) токтогон транспорт каражатынын ортосундагы аралык 3 метрден аз болгон жерлерде;

- жөө жүргүнчүлөр өтүүчү жерлерде жана аларга чейин 5 метрден жакын болгон аралыкта;

- токтоочу аянтчаларга, ал эми алар жок болгон учурда - маршруттук транспорт каражаттары же такси токтой тургандыгын көрсөтүүчү белгиден 15 метрден жакын болгон аралыкта, эгерде бул алардын кыймылына тоскоолдук кылса;

- транспорт каражаты башка транспорт каражаттарынын кыймылына (кирүүсүнө же чыгуусуна) мүмкүндүк бербеген же жөө жүргөндөрдүн кыймылына тоскоолдук жараткан жерлерде.

Кыргыз Республикасынын ИИМдин ЖКККББ жол кыймылынын бардык катышуучуларына, жол кыймылынын эрежелерин бузбоого чакырат.