Милициянын кайгуул күзөт кызматынын кызматкерлери адамдын өмүрүн сактап калышты.

Жаңы кызматка келген милициянын  кайгуул күзөт кызматынын кызматкерлери адамдын өмүрүн сактап калышты. 

2019- жылдын 6 август күнү болжол менен саат 07-10 чамасында ИИМдин Академиясынын 3 айлык курсунда окуп жатышкан милициянын  кайгуул күзөт кызматынын кызматкерлери Акылбеков Нуржан, Абдраев Эламан, милициянын старшинасы Жусупов Каныбек, ИИМдин Академиясынын нөөмөт бөлүмүнүн милиционер айдочусу милициянын прапорщиги  Абасов Азис, окууга бара жатышып, Аламедин-1 кичи районунун каналында агып жатып, жардам  чакырган үндү угуп,  дароо куткаруу үчүн чуркашкан. Суунун катуу агымында агып жаткан баланы сыртка чыгарышып, ошол замат биринчи медициналык жардам көргөзүшкөн, окуя болгон жерге тез жардам чакыртылган. 
Айтымында 21 жаштагы Нурланов Д. бутун жууп жатып, сууга  агып кеткен, азыр учурда медицина кызматкерлеринин көзөмөлүндө.