Жайкы эс алуу учурунда балдарды жол эрежесин сактоонун эскертебиз!

Мектеп окуучулардын жакшы көргөн – жай айы да келди. Балдар үчүн бул мезгил эс алуу болуп саналат. Ушул мезгилде балдар өз убактысын шаардан тышкары, башкача айтканда жол кыймылынын азырак болгон жерде өткөрүшсө, алардын коопсуздугу сакталмакчы. Бирок, бардык эле ата-энелер өз балдарын жайкы мезгилде дачаларга, же болбосо жайкы лагерлерге жибере алышпайт. Ошондуктан айрым мектеп окуучулары өздөрүнүн жайкы эс алуусун шаарлардын ичинде өткөрүүгө аргасыз. Сыртта күн ысып турган маалда, баланы үйдө кармоого мүмкүн болбойт, ошондуктан алар менен жол коопсуздугу боюнча дагы бир ирет талкулап чыгуу ашыктык болбойт.
Ошол себептен ата-энелерге жол эрежелерин сактоо боюнча балдары менен иш жүргүзүү керектигин эскертет. Өзгөчө көӊүлдү жөө жүрүүчүлөр үчүн өтмө жолдордон жол эрежесин сактоо менен өтүү керек экендигине буруу зарыл.
Светофордун жашыл белгиси күйсө да, жөө жүрүүчү адам автоунаалардын бардыгы токтогондугуна ынангандан кийин өзүнүн жүрүшүн улантуу керек. Ал эми светофордун кызыл белгисине жолдон өтүүгө тыю салынарын балдарыӊыздарга үйрөтүү керек. Өз балдарыӊар менен дүкөндөргө, досторуна баруучу коопсуз жолдорду көрсөтүӊүздөр. Коомдук транспортор токточу аялдамаларда өздөрүн кантип алып жүрүүсүн, маршруттук автобустарды айланып өтүү коркунучтуу жана жөө жүрүчү адамдарга атайын ылайыкташтырылган жерлерден өтүү керек экендигин эскертүүнү унутпаӊыздар.
Эӊ башкысы - өзүнөрдүн үлгүӊөр менен балдарыӊыздарга жол эрежесин сактоого тарбиялаӊыздар.