Делегациялар келген убакта төмөнкү жолдордо чектөөлөр коюлат

Эл аралык мүнөздөгү иш-чараларды өткөрүү маалында Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун аймагында транспорт каражаттарына убактылуу чектөөлөр коюлат. 2019-жылдын 12-июнунан 14-июнуна чейин Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун аймагында ШКУ мүчө-мамлекеттердин башчыларынын саммитин өткөрүү маалында транспорт каражаттарына төмөнкү каттамдар боюнча чектөөлөр киргизилген. Делегациялар келген убакта төмөнкү жолдордо чектөөлөр коюлат.

- “Манас” аэропортунан Фучика көчөсү менен Жибек-Жолу пропектисине чейин;

- Жибек-Жолу проспектисинен М. Гвардия бульварына чейин;

- М. Гвардия бульварынан Чүй проспектисине чейин;

- Чүй проспектисинен Манас проспектисине чейин;

- Манас жана Ч. Айтматов проспектилеринен Мамлекеттик резиденцияга чейин.

Урматтуу шаардын жашоочулары жана коноктору! Өткөрүлүп жаткан иш-чаралардын маанилүүлүгүнө байланыштуу, Кыргыз Республикасынын ички иштер министрлиги шаардын тургундары менен коноктору түшүнүү менен кабыл алууларын суранат. Айдоонун эрежелери менен маданиятын сактаңыздар. Транспорт каражаттарын такталбаган жерлерге токтотпоңуздар жана кароосуз калтырбаңыздар. Карама-каршы тилкеге чыгып, тыгындарды жана жол кыймылынын башка катышуучуларына ыңгайсыздыкты жаратпаңыздар.

Ушул күндөрү чет өлкөгө жана өлкөнүн башка региондоруна учуп кетүүнү жана сапар алууну көздөгөн жарандар, жолдордогу тыгындарда калып, рейстерге кечигип калууларын алдын алуу үчүн өз каттамдарын өз убагында пландап алып, “Манас” аэропортуна, Бишкек шаарындагы темир жол бекетине жана батыш автобекетине эртерээк келүүлөрүн суранат.

ЖКККББнын жаралган ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мамлекеттик маанилүү иш-чараларды өткөрүүгө байланыштуу, жол кыймылынын катышуучулары көрүлүп жаткан чараларга түшүнүү менен кабыл алууларына ишеним артат.

                 ЖКККББ ИИМдин Басма сөз кызматы