ШКУ мүчө-мамлекеттердин башчыларынын саммитин өткөрүү учурунда Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун кээ бир жолдорунда убактылуу чектөөлөр коюлат

    ШКУ мүчө-мамлекеттердин башчыларынын саммитин өткөрүү учурунда Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун кээ бир жолдорунда убактылуу чектөөлөр коюлат Республикасынын ИИМдин ЖКККББнын кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөшүп, аталган иш-чарада жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо үчүн Бишкек шаардык жана Чүй облустук ЖККК башкармалыктардын өздүк курамдары толугу менен иш алып барат.
    Делегациялар өтө турган Чүй облусунун жана Бишкек шаарынын аймагында иш-чараларды өткөрүү жайларында, көчөлөрдө, жолдордо маал-малы менен жолдор убактылуу жабылат. Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун аймагында өтө турган иш-чаралардын жанында эвакуаторлор тартылат. Такталбаган жерлерде токтотулган жана кароосуз калган автоунаалар эвакуацияланат. 
    Маанилүү иш-чараларды өткөрүүгө байланыштуу Кыргыз Республикасынын ИИМдин ЖКККББсы шаардын тургундары менен жашоочуларын түшүнүү менен кабыл алууларын суранат! Айдоонун эрежелери менен маданиятын сактаңыздар. Транспорт каражаттарын такталбаган жерлерге токтотпоңуздар жана кароосуз калтырбаңыздар. Карама-каршы тилкеге чыгып, тыгындарды жана жол кыймылынын башка катышуучуларына ыңгайсыздыкты жаратпаңыздар!


ИИМдин ЖКККББнын Басма сөз кызматы