Кыргыз Республикасынын ИИМД ЖКККББы айдоочуларга жайкы эс алуу убагында жолдо этият болууга чакырат

Көптөн күткөн  жайкы эс алуу убагы келип,  шаардын көчөлөрүндө, короолорунда  көпчүлүк балдар чоңдордун көзөмөлүсүз калышат.  Активдүү эс алуу учурунда жаш өспүрүмдөр жөнөкөй жол кыймылынын эрежелерин жана  жолдо жүрүү эрежелерин унуткарып, токтоп турган унаалардан жана жолдун кесилиштеринен чуркап чыгышы мүмкүн, мындай кырдаалдарды ар дайым эске алып айдоочулар жолдо жүрүүдө этият  болуусу абзел.

Мындан тышкары  көбүнчө мектеп окуучулары өздөрүн чоң сезип улуулардын коштоосусуз  чоң жолдордо жана көчөлөрдө жүрүп, өз өмүрүн тобокелге салып жолдон туура эмес  өтүүдө жол унаа кырсыгына кабылууда.

Кыргыз Республикасынын ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы ата-энелерге  жаш өспүрүмдөргө жоопкерчиликтүү жана    тартиптүү  болууга тарбиялоого чакырат.

 Өз кезегинде, чоңдор өздөрүнүн жүрүм-туруму менен жол кыймылыны эрежелерин үйрөтүп жана ар дайым жолдо жүрүү эрежелери эскертип турусу керек. Ошондой кичинекей жөө жүргүнчүлөргө жолдун четинде ойноо коопту экендигин түшүндүрүүсү маанилүү.