Кызматкердин жубайына “Офицердин жубайы” медалы тапшырылды

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери мекенге кызмат өтөө, жол коопсуздугун жана коомдук коопсуздукту камсыздоо, ошону менен биргеликте оор, жоопкерчиликтүү, кызматтык сапарда жөн гана адис болбостон мээримдүү ата, үлгүлүү жар болуп дагы келишет. Буга мисал болуп, бүгүнкү күндүн каармандары  Кыргыз Республикасынын ИИМнин ЖКККББнын ардактуу ардагери милициянын подполковниги Мамыров Нурлан  Кадырович жана жубайы Чоорова Динара Асылбековна, азыркы учурда Транспорт жана жол министирлигине караштуу,  Кыргыз Аэронавигация мамлекеттик ишканасынын улук медайымы болуп эмгектенип келет. Бул жубайлар  1990 - жылдан бери бир очоктун четинде түтүн булатып келишүүдө, экөөнүн ортосунда эки кыз, бир уул татыктуу тарбияланып, бир небере эркелетип келе жаткан чагы. Мындан тышкаары жөн гана үй –бүлөө менен алек болбостон,  өмүрүн мамлекеттик жумушка арнап, керектүү адис болгондорун сыймыктануу менен айтсак болот.

Албетте ички иштер министирлигинин кызматында иштөө бул оор, ар кандай кооптуу кырдаалдар, күнү-түнү, ысык-суукта, нөөмөттүк кызмат, узак иш сапарлар, мунун баарын түшүнүп, колдоо көргөзүп бирге жашаш, баардык эле аялзаты көтөрө алгыз сабырдуулукту, кайраттуулукту талап кылат. 

Нурлан мырзанын кызматтык ишмердүүлүгүнө кенири токтоло кетсек: жыйырма алты жылдык кызмат өтөө убактысында, көптөгөн мамлекеттик сыйлыктар менен сыйланган, алардын ичинен ИИМдин “Азамат” I, II, III медальдары, ИИМдин отличниги, МАИ кызматынын отличниги, мындан тышкаары сан жеткиз мактоо баракчаларына татыктуу болгон. Ар бир ийгиликтүү эркектин артында сыналгыз күчтүү, кубаттуу аял турат дейт эмеспи, анын сыңары Динара айым дагы, үч баланы татыктуу тарбиялап, үлгүлүү эне болуп, ар дайым Нурлан мырзанын кесибинде түшүнүп, колдоп, ошол эле учурда өзүнүн сүйгөн кесибин да айкалыштырып келген.

Бүгүн  24-май 2019 жылы  ИИМдин ардагерлер кенешинин өкүлдөрү, ЖКККББнын басма сөз кызматынын кызматкерлери менен биргеликте, Динара айымга, иштөө учурунда, Кыргыз Республикасынын ИИМнин “Офицердин жубайы” аттуу  төш сыйлыгын  ыйгаруу аземи өткөрүлдү.

Иш чаранын жыйынтыгында Динара айым Кыргыз Республикасынын ИИМнин ЖКККББнын жалпы  жетекчилигине жана ИИМдин ардагерлер кеңешине терең ыраазычылыгын билдирди.