КАЙРАДАН ТҮЗҮЛГӨН БИШКЕК ШААРЫНЫН КАЙГУУЛ МИЛИЦИЯСЫНА ТАЛАПКЕРЛЕРДИ АЛУУ УЛАНУУДА

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун тапшырмасы боюнча түзүлгөн ички иштер органдарын реформалоо боюнча жумушчу тобунун сунуштамаларынын алкагында 2019-жылдын 6-майынан баштап 6-июнга чейин Бишкек шаарынын Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгына кызматкерлерди алуу боюнча ачык сынак өтүүдө.

Сынак кантип уюштурулат:
Сынактын катышуучулары болуп укук коргоо органдарынын кызматкерлеринен сырткары ички иштер органдарында иш-тажрыйбасы жок жарандык өкүлдөрдөн дагы катышса болот.
Сынакты өткөрүүнүн шарттары баардык катышуучулар үчүн бирдей.
Биринчи этапта талапкерлер жалпы сабаттуулукка тест өтүшөт. Ал билимди баалоо жана усулдук окутуу борборунда өтөт. Катышуучулар тиешелүү балл алгандан кийин гана аскердик-врачтык комиссиядан, андан соң физикалык даярдык экзаменинен өтүүгө мүнкүнчүлүк алышат.
Сынактын катышуучулары ден-соолугунун абалы боюнча ылайык келбегендер жана керектүү физикалык нормативдерди тапшыра албагандар сынакка катышуудан четтетилет. Сынактын акыркы этабында тандоо комиссиясынын мүчөлөрү менен маектешүүдөн өтүшөт. Сынактык тандоодон ийгиликтүү өткөн талапкерлер Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясынын базасында 3 айлык окутуу курстарынан өтүүгө жөнөтүлөт. Курсанттардын окуусу аяктагандан кийин экзамен тапшыргандар менен Бишкек шаарынын Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгына кызмат өтөө үчүн келишим түзүлөт.
Кимдер катыша алат?.
Жаңы Милициянын кайгуул кызматынын ордулары офицердик жана катардагы кызмат болуп бөлүнөт.
Арызда кандай так кызмат ордуна бара тургандыгын көрсөтүү зарыл. Офицердик орунга талапкерлигин койгондор жогорку билимдүү жана  21 жаштан 35 жашка чейинкилер болууга шарт. Катардагы кызмат орунга талапкерлигин койгондор 19 жаштан 30 чейинки орто билимдүү болуусу керек.
Калган талаптар бардык катышуучуларга бирдей.
-соттолбогону тууралуу маалымкат,
-“В” категориясындгы айдоочулук күбөлүгү барлар,
-Аскердик билет,
-Эркектердин боюнун узундугу 170 см кем эмес, ал эми аял кишиники 165 см кем эмес болуш керек,
Тандоо комиссиясы:
Сынакты уюштуруу жана өткөрүү үчүн тандоо комиссиясы түзүлгөн. Ал сынактын бардык этаптарын көзөмөлгө алып, бардык чечимдерди кабыл алуу менен жеңүүчүлөрдү аныкташат. Тандоо комиссиясынын курамына төмөнкүлөр кирет.
Комиссиянын төрагасы;
1. Ибраимов Т. Р. – «Саясий-укуктук изилдөөлөр борбору» коомдук бирикмеси:
Комиссиянын мүчөлөрү;
2. Акенеев А.Ж. – көзкарандысыз эксперт,
3. Шайхутдинов Т.Ф. – «Реформа жана жыйынтык үчүн» жарандык союздун кординациялык кеңешинин мүчөсү,
4. Ильясов Р.А. – «Тилектеш Атуул» коомдук бирикмеси,
5. Касманбетова Ч.С. –“Жол коопсуздугу» коомдук бирикмеси,
6. Мамбеталиева Э.Ж. –«Кылмыштуу жол менен киреше алуу жана коррупция көйгөйлөрүн иликтөө борборазиялык институту» коомдук фонду,
7. Казакбаев У.А. –«Жарандык союз» коомдук бирикмеси,
8. Мамажанов К.С. – көз карандысыз эксперт, милициянын запастагы полковниги,
9. Жоошбаев С.Ж. – КРнын ИИМдин Ардагерлер кеңешинин төрагасы,
10. Даминов А.А – КРнын ИИМдин Ички иликтөө кызматы,
11. Джумагазиев К.С. –Бишкек ШИИББнин башчысы,
12. Ибраимов С.С. – КРнын ИИМдин КККнын башчысынын орун басары,
13. Исакова Э.А – КРнын ИИМдин УКЭКБнын бөлүм башчысы,
14. Сатыбалдиев Н.Р. – КРнын ИИМдин ЖКККББнын башчысынын орун басары,
15. Бозжигитов Д.К. – КРнын ИИМдин КББнын ага инспектору,
Тактама:
Бишкек шаарынын Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгы азыркы Милициянын кайгуул күзөт кызматы менен Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкармалыгынын ордуна түзүлүүдө.
Патрулдук милициянын милдетине коомдук коппсуздук жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кирет. Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгынын кызматкерлеринин коррупциялык көрүнүштөргө аралашпоосун алдын алуу үчүн катардагы кызматтагылар үчүн 21-25 миң сом, офицердик кызматтагылар үчүн 30-35 миң сом айлык акы каралган. Андан сырткары зарыл болгон материалдык техникалык шарттар менен камсыздалды: автоунаа, форма, сырткы жабдуу, күйүүчү май ж.б.

Сынакка кантип катышуу керек?.
Сынакка катышуу үчүн документтерди кабыл алуу жумуш күндөрү Бишкек шаары Ч. Валиканов көчөсү №1а дарегинде кабыл алат.
+996312630901, +99631263025, +996312631275 факс телефондору менен байланышса болот.