“АКЫРКЫ КОҢГУРОО” ИШ-ЧАРАСЫН ӨТКӨРҮҮ УЧУРУНДА КООМДУК ТАРТИПТИ ЖАНА ЖОЛ КЫРСЫКТАРЫН АЛДЫН АЛУУ МАКСАТЫНДА ЖКККББ КҮЧӨТҮЛГӨН ТАРТИПТЕ ИШ АЛЫП БАРАТ.  

   Республиканын жалпы билим берүү мекемелеринде “Акыркы коңгуроо” салтанаттуу  иш-чарасына даярдык көрүү жана өткөрүү учурунда коомдук тартипти жана окуучулардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында, КРдин ИИМдин ЖКККББнын жер жерлердеги өздүк курамы 2019-жылдын 24-26-майында күчөтүлгөн тартипте иш алып барышат.

     Буга чейинки жылдардагы практика көрсөткөндөй бүтүрүүчүлөргө тыйуу салынса дагы балдар унаа башкарып, унаалардан башын чыгарып, тартип бузууга барышат.

      Мындай тартип бузууларга КР ИИМдин ЖКККББы КР Бузуулар жөнүндө кодексинин 124 беренесинин негизинде “автоээнбаштык” менен айдоочуга ошондой эле тартип бузган жүргүнчүлөргө чара көрүшөт.    

Ошондой эле ЖКККББнын кызматкерлери билим берүү мекемелерине бекитилип, тартип бузууларды алдын алуу иштерин жүргүзүшөт.    

 

КР ИИМдин ЖКККББы эскертет!

 

Ата-энелер көңүл бургула!

      Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө  кодексинин  124-беренесине ылайык Автоээнбаштык, башкача айтканда, транспорт каражатын айдоочунун коомго ачыктан-ачык урматтабагандыкты билдирген, Жол кыймылынын эрежелерин жана транспорт каражатын пайдаланууну бузуу менен коштолгон (автомобиль жарышы, белгиленбеген жерлерде ар кандай түрдөгү көрсөтмөлүү айдоо ж.б.) коомдук тартипти жана жарандардын тынчтыгын ачыктан-ачык бузган атайын аракеттери, - 4-категориядагы айып  салууга алып келет.

     2015-жылдын 21-июлдагы № 185 Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык “Балдардын ден соолугуна, дене бой, интеллектуалдык, психикалык, руханий жана адептик өнүгүүсүнө зыян келтирүүнүн алдын алуу боюнча чаралар жөнүндө” өспүрүмдөргө жай мезгилинде саат 23:00 дөн 06:00 гө чейин ата-энелердин коштоосу жок жүрүшүнө тыюу салынат.