Бишкекте республикалык мектеп окуучуларынын арасында «Жол кыймылынын жаш досу» кароо-сынагы болуп өттү.


18- майда Бишкек шаарынынын «Сейтек» балдар борборунда республикалык «Жол кыймылынын жаш тескөөчүлөрү» аттуу кароо-сынак жыйынтыкталды. Ага шаар, район, облустар аралык сынактын жеңүүчүлөрү катышты. Бул сынак жобого ылайык билим берүү мекемелеринен мектеп окуучулары ортосунда өтүп, уюштуруу жумуштарын КР ИИМдин ЖКККББы колдоого алган.

Бул иш-чаранын максаты мектеп окуучулары арасында жаш өспүрүмдөрдүн катышуусундагы жол кырсыктарын алдын алуу, болтурбоо, жаштарды жол кыймылынын эрежелерин үйрөтүү жана мекенди коргоо сезимдерин күчөтүү. Мындагы мелдешке 9 команда, катышты.

Кароо сынакта  саптык кароо, жол эрежесинин биларманы, үгүт тобторунун сынагы жана дубал газеталардын таймашы болуп, балдар жол күзөтчүлөрүнүн түйшүктүү жумуштарын чагылдыруу менен бирге алардын коомдогу зарылчылыгын жана ордун көрсөткөн программалар тапшырмалар көрсөтүлүп калыстар тобу тарабынан жеңүүчүлөр аныкталып, демөөрчүлөр тарабынан даярдалган баалу сыйлыктарга ээ болушту. Жыйынтыгында 1-орунду Жалал-Абад облусунун тайпасы, 2-орунду Ош облусунун тайпасы, 3-орунду Бишкек шаарынын тайпасы жеңишке жетишти. Кароо сынакта ар бир канышуучу көмүскөдө калбастан атайын белектердин ээси болушту.

Ал эми жеңүүчүдеп табылган командалар коңшу мамлекеттерде өтүүчү эл аралык сынактарга катышууга жолдомо алышты.