2019-жылдын 17-майында   Кыргыз Республикасынын ИИМдин ЖКККББнын Жол көзөмөлдөө бөлүмүнүн  кызматкерлери   кооптуу жук ташуучу унаалардын айдоочулары менен жолугушуу өткөрдү

Бул иш-чаранын максаты республиканын аймагында  кооптуу жук ташуучу унаалар менен болгон жол унаа кырсыктарын алдын алуу жана болтурбоо.

Жолугушууда кызматкерлер  айдоочуларга жол кыймылынын эрежелерин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелинде №198 “Автомобиль транспорту менен кооптуу жүктөрдү ташуу эрежелерин бекитүү жөнүндө” токтому жана жаңы кабыл алынган Бузуулар жөнүндө кодекси менен тааныштыра кетишти. Суроо-жооп ирээтинде  айдоочулар тарабынан берилген суроолорго толук кандуу жооптор кайтарылды.

Ошондой эле айдоочуларга жол кыймылынын эрежелерин сактоого, кооптуу жүк ташууда коопсуздук чараларын колдонууга, жол жээгине токтоону алдын ала пландоосу керектигин жана кечки убакта жолдо журбоого чакырышты. Мындан  тышкары  кооптуу жүк ташуучу унаалардын техникалык абалы да  текшерилип канатаандыраалык деген баа берилди.

Иш-чаранын жыйынтыгында  айдоочуларга “Айдоочулар үчүн эскертүү” баракчалары таратылып берилди.