Кыргыз Республикасынын ИИМдин ЖКККББы жакында орто мектептерде  боло турчу  “Акыркы конгуроо” маарекесинде бүтүрүүчү класстын мугалимдерине, окуучуларына жана ата-энелерине кайрылат

  

          Урматтуу бүтүрүүчүлөр! Сиздерди “Акыркы коңгуроо!” майрамыныздар менен куттуктайбыз, бул мектептеги акыркы күнүңөр  ичимдик, баңгизат, кылмыш жана укук бузуулар менен коштолбостон, жакшы элестер калып, узун турмуш кадамын ийгиликтүү аттанышынарды каалайбыз. Ушул себептен мугалимдерди, бүтүрүүчү класс жетекчилерин, бүтүрүүчүлөрдү  жана эне-аталарды  ЖКККББнын кызматкерлери менен биргеликте түшүнүү менен, иш алып барууңуздарга ишенебиз. Белгилүү болгондой кызматкерлердин бирден бир милдети бул Республиканын жаштарын ар кандай окуялардан коргоп, ден-соолугун жана өмүрүнүн коопсуздугун сакташат.

       Урматтуу ата-энелер!    Сиздердин балдарыңыздарга коопсуз майрам уюштуруп берүү жана аларды ар кандай укук бузуулардан,  спирт ичимдигин колдонуудан, баңгизаттарды колдонуудан, мындан тышкаары жагымсыз окуяларды болтурбоо максатында, катуу көзөмөлгө алып, жол унаа кырсытарын алдына алуу максатында унаа каражаттарын бербөөңүздөрдү суранабыз.

Ар кандай мыйзамга жат келген көрүнүштөр Кыргыз Респупликасынын кылмыш жана жаза, жоруктар жана бузулар кодекстеринде жоопкерчиликтер каралгандыгын Кыргыз Республикасынын ЖКККББ эскертет!

Балдар биздин келечегибиз!