ЖКККББ: Бишкекте Патрулдук милиция башкармалыгын түзүү боюнча пилоттук долбоор башталды

Бүгүн, 2019-жылдын 13-май күнү “КАБАР” Кыргыз улуттук маалыматтык агенттигинин басма-борборунда “Бишкекте Патрулдук милиция башкармалыгын түзүү боюнча пилоттук долбоор башталды” аталышындагы маалымат жыйыны өттү. Аталган маалымат жыйынга Жол коопсуздугун камсыздаган ички иштер органдарынын бөлүмдөрүн реформалоо боюнча эксперттик жумушчу топтун жетекчиси Тамерлан Ибраимов; Аналитика жана божомолдоо секторунун жетекчиси Егор Скобеев; Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары Алмазбек Орозалиев; Кыргыз Республикасынын ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысынын орун басары Нур Сатыбалдиев катышышты.

ИИМдин ЖКККББсы, 2019-жылдын 6-май күнү жаңы Патрулдук милиция кызматынын башкармалыгына кызмат өтөөнү каалоочуларды топтоо боюнча сынак жарыялаган. Бул боюнча Жол коопсуздугун камсыздаган ички иштер органдарынын бөлүмдөрүн реформалоо боюнча эксперттик жумушчу топтун жетекчиси Тамерлан Ибраимов билдирди. Анын айтуусу боюнча, кызматкерлерди тандоо ачык өтөт. “Комиссиянын курамында алты милиция кызматкерлери менен кошо сегиз жарандык коомдун өкүлдөрү дагы бар. Биринчи экзамен Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунда өтөт. Бул коррупциялык көрүнүштү четтетүү үчүн керек. Уюм боюнча бир дагы маселе жок. Бардык каалоочулар, анын ичинде жөнөкөй жарандар тесттен, физикалык даярдыктан, аскердик-дарыгердик комиссиядан жана маектешүү экзамендеринен өтүшөт”,-деп Тамерлан Ибраимов билдирди.

“Патрулдук милициянын ишинде эң башкысы –бул коррупциялык көрүнүштөрдү алдын алуу боюнча иштердин жүрүүсү эсептелинет. Бүгүнкү күнү бардык кызматтар буга катуу даярданышууда. Патрулдук милициянын функционалдык милдеттерине жол коопсуздугу менен коомдук коопсуздукту көзөмөлдөө кирет”,- деп айтып кетти. Ибраимов белгилегендей, кызматка киришүү үчүн талапкерлер тесттен өтүшөт. “Коомчулук тараптан ишенбөөчүлүк бар экендигин мен түшүнөм. Кимде-ким талапкерлигин коюп жатса-алар жалпы сабаттуулугу боюнча тесттен өтүшүп, физикалык даярдыгы текшериле тургандыгына көңүл бурдургум келет. Алдын ала сүйлөшүп алуу же жана башкаларды кылуу-ал алдамчылык болуп эсептелинип, ага жол берилбейт”,-деп белгиледи.

Аналитика жана божомолдоо секторунун жетекчиси Егор Скобеевдин айтуусунда, 2016-жылы Патрулдук милиция башкы башкармалыгын түзүүдө бир нече каталар кеткен. “Бир эле учурда “Коопсуз шаар” ишке киргизиле тургандыгы болжолдонуп жаткан, бирок долбоор иштеген эмес. Көп сандаган кылмыштардын бети ачылганы менен жол транспорттук кырсык көп болгон. Жол транспорттук кырсыктын санын азайтуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгын киргизүүдөн кийин мүмкүн болду”,-деп баса белгиледи. Ал 2019-жылы жаңы түзүлгөн башкармалыкты материалдык-техникалык жактан жабдууга, андан сырткары тендер аркылуу 120 автоунааны алууга 197 млн сом бөлүү каралууда. Айлык маянаны эки эсеге көтөрүү, башкача айтканда 21-25 миң сомго көтөрүү үчүн кошумча каражат бөлүнгөнү жатат. Ошондой эле, “Коопсуз шаар” долбоору Бишкек шаарында ишке киргени, ага ылайык Патрулдук милиция ар бир кесилиштерде тура тургандыгын Скобеев кошумчалады. “Учурда бул функцияны техника аткарууда. Патрулдук милиция кызматынын башкармалыгынын кызматкерлери аймактарда жылып турушат жана кылмыш жасалгандыгы жөнүндө билдирүү түшсө, алар жерине барышат. Экинчиси-алар жол кыймылынын эрежелерин бузууларга тиешелүү чараларды көрүшөт”,-деп маалымдады.

Андан сырткары, патрулдук милициянын кызматын түзүү боюнча долбоорду ишке ашырууга бюджеттен 381 миллион сом бөлүнгөн. Бул жөнүндө ИИМдин ЖКККББнын башчысы Нур Сатыбалдиев пресс-конференцияда билдирди. 2019-жылы 197 миллион 200 миң сомду керектөө пландалууда. “Бул акчага жабдыктарды, атайын каражаттарды жана автоунааларды сатып алышат. ЖКККББны республикалык бюджеттен каражат кетирбей түзгөнбүз. Учурда сынак жарыяланды, ал ачык болот, арызды ар бир каалоочу таштаса болот”,-деп Нур Сатыбалдиев белгиледи.