Долбоордун алкагында, 2019-жылдын 6-майы күнү патрулдук милиция кызматынын башкармалыгына талапкерлерди кабыл алуу үчүн сынак жарыяланды.

Бишкек шаарында Патрулдук милиция кызматын түзүү боюнча пилоттук долбоор ишке ашырыла баштады. Аталган долбоордун стратегиясы менен кадамдык планы Кыргыз Республикасынын Президентинин демилгеси менен жол коопсуздугун камсыздоочу ички иштер органдарынын түзүмүн реформалоо боюнча жумушчу тобу тарабынан иштелип чыккан. 
Түзүмдү кайрадан түзүүнүн негизги максаты-жарандардын ишенимин арттырган, ишенимдүү коргоочу жана өнөктөш катары көрө турган милицияны түзүү. Ошондой эле, Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жана Кайгуул күзөт кызматынын  кызматкерлеринин арасындагы коррупциялык көрүнүштөрдүн санын азайтуу  маанилүү максаттардан болуп саналат. 
Жаңы түзүлгөн милиция кызматынын кызматкерлеринин айлык маянасын жогорулатуу, аларды автоунаа, байланыш каражаттары, компьютердик каражаттары сыяктуу  заманбап материалдык-техникалык жабдыктар менен камсыздоо, андан сырткары кызмат өтөөнүн жаңы стандартын окуту каралууда. Ошондой эле, коррупцияга каршы алдын алуу ишмердүүлүгүнө өзгөчө маани берилет.
Документтерди кабыл алуу 2019-жылдын 6-июнга чейин уланып, ага бардык каалоочулар катышса болот. 
Өзгөчө жарандык коомдун өкүлдөрү сынакка катышууда, артыкчылык берилет. Сынак Кыргыз Республикасынын ИИМдин кызматкерлеринен жана жарандык коомдун өкүлдөрүнөн курамына кирген атайын түзүлгөн коммисиянын көзөмөлүндө ачык-айкын өтөт. 
Сынактык тандоодон өткөн талапкерлер ИИМдин Академиясынын базасында 3 айлык курстук окуудан өтүшөт. Окуудан өтүшкөн соң, Патрулдук милиция кызматынын башкармалыгында кызмат өтөөсүн башташат.
Талапкерлерге болгон квалификациялык талаптар жана сынактын шарттары жөнүндө жалпыга маалымдоо каражаттарынан, же ЖКККББнын  +996312630901, +99631263025, +996312631275 факс телефондору менен байланышса болот.