Кыргыз Республикасынын ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы сынамык долбоордун алкагында Бишкек шаарында Милициянын кайгуул кызматын түзүү боюнча кызмат орундарына ачык сынак жарыялайт.

Сынакка төмөнкү жарандар катыша алат:

1) Кыргыз Республикасынын жарандары (эркектер - аялдар)

2) Жарандык жаштар арасында талапкер арыз берген учурда жаш курагы боюнча:

- катардагы жана кенже жетектөөчү курамындагы кызматтарга 19 жашка толгон 30 жашка чейинки;

- жогорку жетектөөчү курамындагы кызматтарга 21 жашка толгон 35 жашка чейинки.

ИИМдин учурдагы кызматкерлеринин арасынан жаш курактык талаптар азыркы мыйзамдарга ылайык колдонулат.

3) Соттолбогон

4) “В” категориясы бар айдоочулук күбөлүгү бар

5) Эркектерге аскердик билет

6) Офицердик кызмат орундарына тапшыргандар - жогорку билим, катардагы кызмат орундарына тапшыргандар – ортодон төмөн эмес билим
 
7) Эркектер – бою 170 см кем эмес, аялдар –  бою 165 см кем эмес
 
Сынакка катышуу үчүн зарыл болгон документтер:
 

-  Талапкердин кызмат ордун көрсөткөн арызы;

- Паспорт жана туулгандыгы тууралуу күбөлүк;

- Нике тууралуу күбөлүк (эгер никеси бар болсо);

- Балдардын туулгандыгы тууралуу күбөлүк (балдары бар болсо);

- Аскердик билет (аялдар үчүн милдеттүү эмес);

- Квалификациялык жана атайын тиешелүү билимин тастыктоочу документтер;

- Автобиография - 2 нускада (кол жазмасы жана басып чыгарылган);

- Толтурулган анкета;

- “В” категориясы бар айдоочулук күбөлүк;

- Пикирлер, сунуштар (эгер бар болсо);

- Фото 9×12 (1 шт.), 3×4 (4 шт.).

Бардык документтердин көчүрмөлөрү тапшырылат.
 
Квалификациялык талаптарга жооп берген жана зарыл болгон бардык документтерди тапшырган талапкерлерге кийинки тестке жол берилет: 
 
1.     Жалпы сабаттуулук боюнча тест – “Текстти окуу жана түшүнүү” (жогорку мектеп бүтүрүүчүлөрү үчүн ОРТ системасына өтөт). Тест акы төлөө негизинде жүзөгө ашырылат. Сыноо үлгүлөрү менен www.testing.kg сайтынан тааныша аласыздар.
2.     Аскердик-дарыгердик комиссия
3.     Дене тарбия үчүн сыноо
     Эркектер үчүн – чуркоо 3 км жана 100 метр, турникке тартынуу, көмкөрөсүнөн жаткан абалдан тулку боюн көтөрүү
     Аялдар үчүн – чуркоо 1 км жана 100 метр, чалкасынан жаткан абалдан тулку боюн көтөрүү
4.     Аӊгемелешүү
Конкурстук тандоодон ийгиликтүү өткөн талапкерлер Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясынын 3-айлык окуу курсунан өтүүгө багытталат. Окууну аяктагандан кийин, бүтүрүүчү экзаменди тапшыргандар Бишкек ШИИББы боюнча МККБга кызматка киришет.
Сынакка документтерди кабыл алуунун акыркы мөөнөтү: 6-июнь 2019-ж.
Сынакка катышуу үчүн документтер иш күндөрү Бишкек шаары Ч. Валиханов көчөсү 1а дареги боюнча кабыл алынат, кошумча маалыматтарды сурап билүү тел. (0312) 63 09 01, 63 02 53, тел./факс (0312) 63 12 75.

 

Кызмат орундарынын тизмеси:

1.     Башкармалыктын начальниги

2.     Башкармалыктын начальнигинин орун басарлары

3.     Нөөмөт бөлүгү (офицердик кызматтар)

- Начальник

- Улук инспектор-нөөмөтчүлөрү

- Инспектор-нөөмөтчүлөрү

- ЖТКга чыгуу үчүн инспектор-нөөмөтчүлөрү

4.     Жол көзөмөлдөө бөлүмү (офицердик кызматтар)

- Улук инженерлер

- Инженерлер

5.     Техникалык көзөмөлдөө бөлүмү (офицердик кызматтар)

- ЖКК улук инспекторлор

- ЖКК инспекторлор

6.     Издөө бөлүмү (офицердик кызматтар)

- Улук инспекторлор

- Инспекторлор

7.     Милициянын кайгуул кызматынын жана укук коргоо практика бөлүмү (офицердик кызматтар)

- Начальник

- Укук коргоо практика боюнча улук инспекторлору

- Милициянын кайгуул кызматынын улук инспектору

- Укук коргоо практика боюнча инспекторлору

- Милициянын кайгуул кызматынын инспекторлору

8.     Каттоо, талдоо жана профилактика бөлүмүнүн начальниги (офицердик кызматтар)

- Насыят иштери боюнча улук инспектору

- Каттоо боюнча улук инспектору

- ЖТК талдоо боюнча инспекторлору

- Профилактика боюнча инспекторлору

- Басма-сөз кызматынын инспекторлору

9.     Материалдык-техникалык камсыздоо бөлүмү (офицердик кызматтар)

- Улук инспекторлор

- Инспекторлор

10.       Кесиптик даярдык жана өздүк курам менен иштөө тобу (офицердик кызматтар)

- Улук инспектор

- Инспекторлор

11.       Кеӊсеси (офицердик жана катардагы кызматтар)

- Жашыруун иштер боюнча улук инспектор

- Кенже инспектор

12.       Милициянын кайгуул кызматынын полку (офицердик жана катардагы кызматтар)

- Командир

- Командирдин орун басарлары

- Штабынын кызмат боюнча улук инспекторлору

- Штабынын кызмат боюнча инспекторлору

- Роталардын командирлери

- Взводдордун командирлери

- Улук инспекторлор

- Кенже инспекторлор