Чүй обласынын Ысык-Ата райондук «Жол кыймылынын жаш тескөөчүсү» сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды

Ысык-Ата «Жол кыймылынын жаш тескөөчүсү» райондук сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды

Ысык-Ата райоунда 2019-жылдын 24-апрел күнү «Жол кыймылынын жаш инспектору» сынагы өткөрүлдү.

Сынакка жалпы район боюнча 17 мектептин камандалары катышты.

Жыйынтыгында;

1-орунду Рот-Фронт айылынын Д.Мамашева атындагы орто мектеби,

2-орунду Новопокровка №2 мектеп-лицейинин окуучулары,

3-орунду Кант шаарындагы №1 Д.Зубков атындагы мектеп-гимназиясынын окуучулары жана Я.Ваккер атындагы орто мектебинин окуучулары алышты. Жеңүүчүлөр кубок, медаль жана баалуу белектер менен сыйланышты.

Д.Мамашева атындагы орто мектебинин  командасы жеңүүчү болду, жеңүүчүлөр облустук сынакка катышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.
Ошондой эле «Жол эрежелерин мыкты билгич»; номинациясын №1 Ч.Айтматов атындагы Ивановка мектеп-гимназиясы, «Мыкты капитан» номинациясын Дмитриевка орто мектебинин командасынын капитаны, «Мыкты тескөөчү» номинациясын Новопокровка №3 орто мектебинин окуучулары, «Мыкты дубал гезит» номинациясын Кеңеш орто мектебинин окуучулары алышты.
Сынак райондук билим берүү бөлүмү жана жол кыймылыгын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү тарабынан уюштурулду.