Нарын обласынын Кочкор районунда «Жол кыймылынын жаш тескөөчүлөрү» аттуу райондук сынактын жеңүүчүлөрү аныкталды.

Кочкор районунун  мектеп окуучулары арасында 2019-жылдын 19-апрель күнү «Жол кыймылынын жаш тескөөчүлөрү» аталышындагы райондук сынак өтүп.

Сынакка  райондун мектептеринен  жалпы 19 команда катышты.

Сынак бул номинациялар боюнча өткөрүлдү:сапттык кароо,агитбригада (милициянын ушундай жардамчылары бар) – отряд  ЖКЖТ, укуктук даярдык (келечектеги укук коргоочу), стенгазета сынак, эң мыкты ЖКЖТ ыр сынак , капитандар сынагы(биздин жоокер баардыгынан азамат) ЖКЖТн ишмердүүлүгү боюнча видеоролик сынак.

Ишеналы Арабаева атындагы орто мектебинин «Ак Жол» командасы жеңүүчү болду, жеңүүчүлөр облустук сынакка катышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.

Бардык катышкан командаларга белектер, ардак грамоталар тапшырылды.