Нарында «Жол кыймылынын жаш тескөөчүлөрү» аттуу райондук сынактын жеңүүчүлөрү аныкталды.

Нарындагы мектеп окуучулары арасында 2019-жылдын 12-апрель күнү «Жол кыймылынын жаш тескөөчүлөрү» аталышындагы райондук сынак өтүп, жеңүүчүлөр облустук сынакка катышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. Нарын облустук ЖКККБнын инспектору, милициянын капитаны Калыс Өмүрзаков билдирди.
Сынакка райондон жалпы 15 команда катышты. Жыйынтыгында жеңүүчүлөр аныкталып, аларга ардак грамоталар жана белектер тапшырылды.

Оттук айылынын Түгөл уулу Усупбек атындагы орто мектебинин «Ак Жол» командасы жеңүүчү болду. Бардык катышкан командаларга белектер, ардак грамоталар тапшырылды.

Буга чейин Нарын шаарындагы №7 М.Сыдыков атындагы орто мектебинин окуучуларынын командасы Казакстан өлкөсүнө чейин барып,эл аралык жол кыймылынын жаш тескөөчүлөр сынагында ийгиликтерди жаратып келген».