2019-жылдын 12-апрель күнү Ош шаарындагы ИИМдин “Динамо” спорт комплексинде кызмат учурунда курман болгон Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери милициянын старшинасы Асранов Каныбектин жана милициянын ага сержанты Сактанов Мунарбектин жаркын элесине арналган “Күжүрмөн самбо” спорт түрү боюнча жети категориядагы салмакта мелдеши өттү.

2019-жылдын 12-апрель күнү Ош шаарындагы ИИМдин “Динамо” спорт комплексинде кызмат учурунда курман болгон Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери милициянын старшинасы Асранов Каныбектин жана милициянын ага сержанты Сактанов Мунарбектин жаркын элесине арналган “Күжүрмөн самбо” спорт түрү боюнча жети категориядагы салмакта мелдеши өттү.

Бул иш-чарага Кыргыз Республикасынын ИИМдин ЖКККББнын облустук, шаардык башкармалык жана бөлүмдөрүнүн өздүк курамдан түзүлгөн командалары,  Ош облустук ИИБнын орун басарлары жана  ЖКККБнын башчылары катышты.

Иш-чара маркумдарды эскерүү менен элесине куран түшүрүлүп, Кыргыз Республикасынын гимни менен башталды. “К. Асранов жана М. Сактановдун өмүр баянына кыскача токтолуу менен алардын жаркын элеси ар бир милиция кызматкерлеринин жүрөгүндө түбөлүккө сакталат, ал эми алардын ысымдары Кыргыз милициясынын тарыхында алтын тамгалар менен жазылат. Алардын жасаган эрдиктери, өздөрүнүн кызматтык милдеттерин абийирдүүлүк менен аткаргандыгы кийинки муундар үчүн үлгүлүү өрнөк болуп кала берет”, -деп Ош облустук ИИБнын орун басары К.Рахманов баса белгилеп кетти.

Мелдешке ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын, облустардын жана Бишкек, Ош шаарларынын ЖКККБсынын командалары катышышып,  күжүрмөн самбо боюнча күч сынашышты.

Эскертебиз: Милициянын старшинасы Асранов Каныбек Манапович жана милициянын ага сержанты Сактанов Мунарбек Эргешбаевич 2008-жылдын 17-июль күнү коомдук тартипти сактоо учурунда курман болушкан. 2009-жылдан баштап Кыргыз Республикасынын ИИМнин буйругунун негизинде жыл сайын алардын элесине арналган спорттук мелдеш өткөрүлүп келет.

Иш-чаранын жүрүшүндө алты команда күч сынашып, командалар арасында      1-орунду Ош облусунун ЖКККБнын командасы, 2-орунга Чүй облусунун ЖКККБнын командасы, 3-орунга Джалал-Абад облусунун ЖКККБнын командалары ээлешти.

“Күжүрмөн самбо” спорт түрү боюнча 62 килограмм салмакта:  

1-орун: Нарын облусу боюнча ЖКККБнын кенже тескөөчүсү милициянын прапорщиги У.Рыскельдиев;

68 килограмм салмакта:  

1-орун: Чүй облусу боюнча ЖКККБнын улук тескөөчүсү милициянын кенже лейтенанты А.Иминов;

74 килограмм салмакта:  

1-орун: Ош облусу боюнча ЖКККБнын кенже тескөөчүсү милициянын старшинасы М.Караев;

82 килограмм салмакта:  

1-орун: Чүй облусу боюнча ЖКККБнын кенже тескөөчүсү милициянын ага сержанты Х.Татиков;

90 килограмм салмакта:  

1-орун: Чүй облусу боюнча ЖКККБнын улук тескөөчүсү милициянын кенже лейтенанты М.Ыбыралиев;

100 килограмм салмакта:  

1-орун: Талас облусу боюнча ЖКККБнын кенже тескөөчүсү милициянын старшинасы Э.Мамбетов;

100 килограммдан жогору салмакта:  

1-орун: Кыргыз Республикасынын ИИМдин ЖКККББнын МБнун улук тескөөчүсү милициянын ага лейтенанты А.Султанов;