Чүй облусу боюнча ЖКККБнын кызматкерлери мектеп окуучуларын жолдон  өткөрүүдө


 

Чүй ОИИББгы боюнча ЖКККБнын кызматкерлери  үчүнчү чейректин окуу чейреги  башталгандыгына байланыштуу Чүй облусунун аймагындагы  жолго жакын жайгашкан мектептерде  жаш өспүрүмдөрдүн коопсуздугун камсыздоодо күн сайын эртең менен, түштө жана кечинде кызмат өтөөдө.

Коомдук коопсуздукту сактоодо ЖККнын кызматкерлери мектеп окуучуларнын жөө жүргүнчүлөр өтүүчү жерден өтүүсүнө маани берүүдө.  Ошондой эле  окуу имараттарынын жанында одоно жол кыймылынын эрежелерин бузган   айдоочуларга түшүндүрүү иш-чаралары өткөрүлүүдө.