Ысык-Көл облусу боюнча ЖКККБнын кызматкерлери “Унаа башкаруу” аталышындагы рейддик иш-чараларды өткөрүүдө 

 Рейддик иш-чаранын жүрүшүндө ар кандай  жол кыймылынын эрежелерин бузууда жалпысынан 1410 протокол түзүлдү.
 Бул иш-чара  2019-жылдын 13- мартынан 31- мартына чейин өткөрүлмөкчү. Рейд жаш өспүрүмдөрдүн катышуусундагы жол унаа кырсыктарын алдына алуу жана болтурбоо максатында өтүүдө. 
2019-жылдын 13-мартынын бүгүңкү күнгө чейин жалпысынан 1410 бузуу аныкталып проктокол түзүлгөн. Анын ичинен;
- Ылдамдык эрежесин сактабагандыгы үчүн 78;
- Тыюу салуучу жол чырагынан өтүү боюнча 46;
- Унаа каражатын тиешелүү документи жок 23;
- Унаа каражатын мас абалда башкаруу боюнча 53;
  Рейддин алкагында эрежени бузуу менен  70 унаа каражаты атайын унаа токтолуучу жайга токтотулду.