Кыргыз Республикасынын Бузуулар кодексинин 35-беренесинде каралган «Бир нече бузууларды жазаганда жаза чараларын колдонуу» - «Бир эле адам тарабынан эки же андан ашык бузуулар жазалган учурда жаза чарасы ар бир бузуу үчүн өзүнчө колдонулат».

Ушул жаранга тиешелүү маалыматты Кыргыз Республикасынын ИИМдин  ЖКККББнын мониторенг борборунда кайрадан кылдат каралып текшерилди, текшерүү учурунда ушул жарандын дагы төрт жолу жол эрежесин «Бишкек-Торугарт» унаа жолунун 7,6 чакырымы, 10,3 чакырымы жана 12,9 чакырымдарындагы орнотулган ылдамдыкты өлчөө стационардык апаратно-программный комплексте катталгандыгы аныкталган.

 

Кыргыз Республикасынын жол эрежелери мыйзамында көрсөтүлгөн 10.2 пунктунда «Калктуу конуштарда транспорт каражаттарынын 60 чакырым/сааттан ашпаган ылдамдык менен жүрүшүнө уруксаат берилет». Жогорудагы көрсөтүлгөн 10,3 чакырымы 12,3 чакырымы  Ново-Пакровка айылында жана 7,6 чакырымы Лебединовка айылында жайгашкан.

 

Бишкектик жаран буга чейин жол эрежесин бузгандыгы тууралу төрт токтом колуна алган, азыркы учурда такталган дагы төрт жол эрежесинин коюлган ылдамдыктан ашыкча, 20 чакырым/саат ылдамдыктан жогору 40 чакырым/сааттан ашпаган ылдамдыкта айдап жол эрежесин бузгандыгы үчүн токтом даярдалып, даргеине жөнөтүү тартиби каралып жатат. Анткени ал кодексте белгиленген 2-категориядагы айып пул ар бир бузууга 3000 сомдон өлчөмүндөгү айып төлөөгө милдеттендирилген.

 

 Кыргыз Республикасынын Бузуулар кодексинин 342-беренесинде каралган «Айып пул жөнүндө токтомду аткаруу мөөнөтү жана тартиби»  

-         Айып пул айып салынгандыгы жөнүндө токтом - тапшырылган күндөн баштап бир айдан кечиктирбестен, ал эми токтомго даттанылган учурда, ал даттануу канааттандырылбагандыгы тууралуу билдирүүнү алган күндөн баштап он беш күндөн кечиктирилбестен төлөнүүгө тийиш.

-         Көрсөтүлгөн бузуулар үчүн айып пул аны салуу жөнүндө токтом алынган учурдан тартып он беш календардык күндүн ичинде төлөнгөн учурда, айып пулдардын көлөмдөрү 50 пайызга азайтылат.