Кыргыз Республикасынын ИИМдин ЖКККББы маалымдайт

Бишкек шаарынын тургундары жана коноктору! 21-март Нооруз майрамын майрымдоо күнүнө карата өткөрүлө турган иш-чаралардын коопсуздугун камсыздоодо жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери коопсуздукту камсыз кылат. Бишкек шаарынын төмөнкү унаа жолдору эртең менеки саат 6:00дон кечки саат 22:00го чейин  убактылуу жабылат;

-         Чүй проспектисинин Тоголок Молдо көчөсүнөн Эркиндик бульварына чейин;

-         А. Орозбеков,  И.Разаков, И.Панфилов көчөлөрү Т.Абдумомунов көчөсүнөн Ала-Тоо аянтын көздөй;

-         Термечиков көчөсүндөгү “Ак-Куула” ат майданы Лев Толстой көчөсү Гагарин көчөсүнө чейин убактылуу жабылат.

 Урматтуу айдоочулар! Кыргыз Республикасынын  ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы кайрылат. Жогоруда көрсөтүлгөн жол кесилиштерин алдын ала айланып өтүү  жолдорду тандооңуздарды жана жол тыгындарын алдын алууну, тоскоолдуктарды жаралбоосун алдын ала эскертет.