Кыргыз Республикасынын ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысы дайындалды

2019-жылдын 19-март күнү Кыргыз Республикасынын Премьер- министринин буйругу менен Кыргыз Республикасынын ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчы кызматына Исраилов Азамат Бакирович дайындалды. 
Милициянын подполковниги Исраилов Азамат Бакирович  30 - ноябрь   1973-жылы Ысык- Көл облусунун Түп районунда  төрөлгөн. Билими  жогорку  техникалык жана юридикалык, Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясын бүтүгөн.
 Кыргыз Республикасынын ИИМде 1999-жылы  Ысык-Көл ОИИБде баштаган. 
 2000-жылы Ысык-Көл ОИИБнин облустук  МАИ ЖКК тобунда.
2007-жылы Каракол ШИИБнин  МАИ бөлүмүнүн башчысы.
2010-жылы Жети-Өгүз РИИБнүн ЖККБнын башчысы.
2014-жылы Ысык-Көл ОИИБнин ЖККнын башчысы.
2015-жылы Чүй ОИИББгы боюнча ЖККнын башчысы.
2016-жылы Ысык-Көл ОИИБгы боюнча ЖККнын башчысы
2017-2019-жылы Кыргыз Республикасынын ИИМдин ЖКККББнын ЖКК жана АТ бөлүмүнүн башчысы.
 Кызмат тажырыйбасында Кыргыз Республикасынын ИИМнин баалуу кагаздары жана медалдары менен сыйланган.