Ош шаарынын тескөөчүсү төрөтү жакындап калган келинди төрөтканага жеткирди

2019-жылдын 14-март күнү Ош шаарында төрөтү жакындап калган 26 жаштагы келинди жол кыймылынын коопсуздугун камсыздаган кызматкер төрөт үйүнө жеткирип келди.
Ош шаардык төрөт үйүнүн башкы дарыгери Зейнеп Исраилованын айтыманда учурда аталган келиндин жана ымыркайдын абалы жакшы.
«Эртең менен саат 9:00дөн өтүп С.К. аттуу 26 жаштагы келинди  жол тескөөчү кызматкерлер алып келишти. Аны кабыл алуу бөлүмүндө эле төрөтүп алдык. Салмагы 3 кг 450 грамм болгон эркек бала төрөлдү. Бул анын экинчи төрөтү экен», - деп билдирди дарыгер.
ЖКККБнын кенже тескөөчүсү  милициянын  сержанты Самаган Ажимаматов эртең мененки саат 09:00 чамасында жумуш учурунда Гапар Айтиев менен Ленин көчөсүнүн кесилишинде ак түстөгү «Нексия» үлгүсүндөгү автоунаадан бирөө түшүп, төрөт үйүнө кызматтык унаа менен коштоп барууну суранган. Анткени жол тыгынга кабылып, төрөтканага кечигип калмак. Кызматтык унааны алардын унаасынын алдынан айдап, төрөт үйүн көздөй коштоп баратып, жолдон унаасынын бензини түгөнүп калгандыктан, адна ары тескөөчүнүн унаасы менен алып кеткен.  Кийин келиндин жолдошу жана ата-энеси кызматкреди таап ыраазычылыктарын билдиришти.