Коопту жүк  ташуучу айдоочуларга карата Кыргыз Республикасынын ИИМдин ЖКККББы рейддик иш-чараларды өткөрдү

Республиканын аймагында жол-унаа кырсыктарын алдын алуу, укуктук актынын талаптарын бузууну жана республиканын аймагында коопту жүктөрдү ташууда “Кооптуу жүк” аталышындагы үгүт-насаат иш-мерчеми өткөрүлдү. Бул рейддик иш-чаранын жүрүшүндө жол көзөмөлдөө бөлүмү тарабынан  кооптуу жүк ташуу унаа каржаттарын текшерүүдө өзгөчө жүк ташууда техникалык абалына, коштоп журүү документтери, Кыргыз Республикасынын Мыйзам актыларынын талаптарына жооп берген кошумча каражаттарына  өзгөчө басым жасалды. Текшерүүнүн жыйынтыгында республиканын аймагында  кооптуу жүк ташуу багытында 19 бузуу аныкталып,  Кыргыз Республикасынын Бузуулар кодексинин беренелерине ылайык тийиштүү протоколдор толтурулду.