2019-жылдын 6-мартынан бери АПК койулган баардык жерлерден келип түшкөн мааламаттар 

 “Коопсуз шаар” долбоорун ишке ашыруу максатында Кыргыз республикасынын ИИМдин ЖКККББы 2019-жылдын 21- февраль күнү ишке ашкан № 29- «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына («Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө»Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамы күчүнө кирген күндөн баштап Аппараттык-программалык комплекстерден түшкөн фото-видео жол кыймылынынын эрежелерин бузууларына токтомдорду чыгара баштады.
АПКга түшүп жаткан бузуулар жөнүндөгү мааламаттар “Инфоком” мамлекеттик ишканасынын базасына түшүп ал жерден (унаалар тууралу,жараандар тууралу, даректер тууралу) мааламатары такталып андан соң бузуулар боюнча ЖКККББнын мониторинг борборуна келип оператор кызматкерлери карап чыккан соң, бузуулар боюнча токтому ыйгарым укуктуу тескөөчүлөрдүн электрондук колу менен тастыкталат.
2019-жылдын 6-мартынан бери АПК койулган баардык жерлерден келип түшкөн мааламаттар КР ИИМдин ЖКККББнын МБ операторлору тарабынан иштелип чыгып, ыйгарым укуктуу тескөөчүлөрү тарабынан 955 токтомго  электрондук кол койулуп, бузуу деп табылып “Кыргыз почтасы” мамлекеттик ишканасына даректерге жеткирүү боюнча жөнөтүлүүдө.
Бул иштерди аткаруу үчүн КР ИИМдин ЖКККББнын мониторинг борбору аркылуу “Кыргыз почтасы” мамлекеттик ишканасына бир мүнөттө 52 бет, айына 250000  бет баса ала турган, көп функционалдуу басма түзмөк орнотулду.
2019-жылдын 4-мартына чейин жолдордун инфроструктурасын жөнгө салуу жана “Коопсуз шаар” автоматтык мааламат түйүндөрү айрым мыйзамдардын жана бузуулар кодексине киргизилген өзгортүүлөргө дал келиширүү иштерин аткарылды.
Биринчи этапта дагы башка АПК ишке киргизүүдө конвертөө көбөйө тургандыгына байланыштуу 2 даана басып чыгаруучу жана 2 даана конвертөөчү  принтерлерди сатып алуу боюнча сынак жарыяланды.
Ал эми буга чейин “Коопсуз шаар” долбоорунун ишке ашыруу максатында токтомдорду конвертөө үчүн ( 72.2 млн сом турган) кызмат сатып алуу боюнча сынак жарыяланып кайра  токтотулду.Бул бюджетке түшүп жаткан каражаты үнөмдөөгө, жеке мааламаттарды сактап калууга мүмкүнчүлүк берет.