Жол кыймылынын эрежелерин бузууну фиксациялоочу көчмө аппараттык-программалык комплекстерди орнотуу

Жол кыймылынын эрежелерин бузууну фиксациялоочу көчмө аппараттык-программалык комплекстерди орнотуу Кыргыз Республикасынын стандартизация жана метрология улуттук институтун 2018-жылдын 3-июлундагы №35 буйругу менен бекиген КМС ГОСТ Р 57145-2018 "Атайын техникалык каражаттар, автоматтык режимде иштеген жана болгон функциялары фото - жана кино тартуу, көрмө жазуу үчүн контролдоону камсыз кылуу, жол кыймылын. Колдонуу эрежелери" Кыргыз Республикасынын аймагында 2018-жылдын 1-ноябрынан тартып улуттук стандарттын талаптары менен жөнгө салынат.


Автоматтык режимде иштеген жана фото - жана кино тартуу, көрмө жазуу үчүн арналган контролдоону камсыз кылуу,функциялары болгон атайын техникалык каражаттарды, анын ичинде жол кыймылынын белгиленген тартип бузуулар жана жол кыймылы жаатында колдонуу эрежелерин ушул стандарт белгилейт. Бул стандарттын талаптарынын негизинде автоматтык фотовидеофиксациялоочу стационардык техникалык каражаттар жолдун четинде, анын ичинде жол ортосун бөлүүчү жол тилкесинде, жолдун жүрүүчү жагынын үстүнө, жол катмарынын ичине/астына орнотулат.

Автоматтык фотовидеофиксациялоочу стационардык техникалык каражаттар төмөнкү жерлерде орнотулат:

а) жеке такталарда, консолдук и рамалык тирөөчтөрдө;

б) жол кыймылынын уюштуруучу техникалык каражаттардын тирөөчтөрүндө, тилкелеринде жана мамыларында;

в) стационардык электр жарыктандыруучу булактардын тирөөчтөрүндө;

г) жол курулмаларынын, анын ичинде көпүрөлөрдүн, путепроводдордун жана тоннельдердин элементтеринде.

Автоматтык фотовидеофиксациялоочу көчмө техникалык каражаттар жолдун четинде, анын ичинде жол ортосун бөлүүчү жол тилкесинде орнотулат. Мында ченөөчү жабдуулардын орнотулган чекитинен жол жээгине чейинки аралык 3 метрден кем эмес болушу керек.

Жогоруда аталган стандарт менен автоматтык фотовидеофиксациялоочу көчмө техникалык каражаттары менен иштөөдө "Фотовидеофиксация" жол белгилерин орнотуу каралган эмес.