Унааны башкара албай тоскоолдукту сүзүп жол кырсыгына учураган

2019-жылдын 17-февралында  болжол менен саат 08:00, 34 жаштагы Т.А  Лексус-GX470 үлгүсүндөгү автоунаа менен Ден Силпина көчөсүнөн батышты көздөй бара жатып, Интергельпо көчөсүнүн кесилишинен унааны башкара албай тоскоолдукту сүзүп жол кырсыгына учураган.

 Жол унаа кырсыгынын кесепетинен улам унаанын айдоочусу окуя болгон жерден каза болгон. 39 жаштагы М.А жүргүнчүсү ооруканага жетирилген.  Топтолгон маалыматтар Бишкек ШИИББнин тергөө кызматына өткөрүлүп берилип, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.