Жол кырсыгынын кесепетинен алган жаракатынан улам окуя болгон жерден каза болгон

2019-жылдын 10-февралында болжол менен саат 02:00 чамасында 1985-жылы туулган Т.Т Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү авто унаасын  Бишкек шаарынын Ахунбаев көчөсү менен батышты көздөй бара жатып, Кырк-кыз көчөсүнүн кесилишинен унаасын башкара албай тоскоолдукту сүзгөн. 

Жол кырсыгынын кесепетинен  28 жаштагы Т.Ж.Т жүргүнчүсү- алган жаракатынан улам окуя болгон жерден каза болгон.  Айдоочунун баш мээси чайкалып  ооруканага жеткирилген. Жол унаа кырсыгы боюнча топтолгон маалыматтар тергөө боюнча кызматына Бишкек ШИИБнин Жол транспорт кырсыгын Тергөө башкармалыгына өткөрүлүп берилип, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.