Кыргыз Республикасынын ИИМдин ЖКККББнын кызматкерлери "Айчүрөк" лицейинин окуучулары менен жол кыймылынын коопсуздугуна арналган иш-чара өткөрдү.

2019-жылдын 31-январында  Кыргыз Республикасынын ИИМдин ЖКККББнын кызматкерлери  "Коопсуздук-бул заманбап!" аталышындагы акцияны  "Айчүрөк" лицейинин окуучулары менен жол кыймылынын коопсуздугуна арналган иш-чара өткөрдү.  Тескөөчүлөр окуучу кыздарга жолдон кантип туура жана коопсуз өтүү керектигин, кантип жана эмнеге жарык чагылдыруучу каражаттарды колдонуу керектиги жөнүндө эскерте кетишти.

Мисал катары, кечки убакта жарык чагылдыруучу куртка кантип күйөөрүн көрсөтүп беришти.  Жолдон өтүүдө кулакка таккычты алып өтүү керек экендигин кыздарга эскертип, жол кыймылынын коопсуздугу тууралуу видео тасмалар көрсөтүлдү.  Конок катары № 2 орто мектептин  "Сокулук патрулу" Жаш жол кыймынын тескөөчүлөр командасы  келип,  жол кыймылынын эрежелери менен бөлүшүп, кыздарды жолдо дыкат болуусуна чакырды.

Акцияны MDA заманбап бий академиясынын президенти белгилүү бийчи Жан Воинов өзүнүн тобу менен колдоп, жолдо жүрүүдө коопсуздукту сактоого чакырып кетти.

Иш-чаранын жыйынтыгында кыздар бири-бирине калоо тилектерин жазып, шарикке чаптап, жол кыймылынын эрежелерин сактоого жана жолдон өзүн коопсуз алып жүрүүгө сөз беришти.