Сокулукта жаш өспүрүмдү сузду

Бүгүн эртең менен саат 7:10дор чамасында Бишкек — Ош жолунун 9-чакырымында Audi A6 автоунаасынын 24 жаштагы айдоочусу Новопакровка айылынан жөө кишилер өтө турчу жерден 11 жаштагы баланы коюп кеткен.
11 жаштагы бала алган жаракаттарынан кырсык болгон жерде өзүнө келбей каза болгон.

Айдоочу Чүй облустук милициясынын старшинасы экени аныкталган.

Сокулук РИИБдин тергөө бөлүмү тарабынан окуянын чоо-жайы иликтене баштады.


Урматтуу айдоочулар! ЖКККББ эскертет,  Кыргыз Республикасынын Жол кыймылынын эрежесине ылайык, жөө жүргүнчүнүн көчөлөрдө жана калк жашаган каттамдардан өтүүгө  укутары бар, башкача айтканда жөө жүргүнчүлөргө жолдон токтоп өткөрүүсү керек. Айрыкча   көчөлөрдө  жаш балдар көп ойношот, алар унаанын коркунучун билбестен жолго чуркап чыгышы мүмкүн.   Айдоочулар, көчөлөрдөн ылдамдыкты азайтып, жолго көңүл буруңуздар.

 Урматтуу ата-энелер!  Балдардын коопсуздугу сиздерин колуңуздарда экендигин унутпаңыздар.  Өзүңүздөрдүн балдарыныздарды кичинекей кезинен тарта жол кыймылынын эрежелерин сактоого үйрөтүп, жолдон өтүүдө өтө этият болуусун эскертип туруңуздар. Ошондой эле балдарга үйрөтүүдө сиздердин мисал жакшы таасир берет.

  Караңгы убакта жөө жүргүнчү айдоочуга көрүнүшү үчүн  ЖКККББ сырткы кийимге жарык чагылдыруучу элементти колдонууну сунуштайт.