Кыргыз Республикасынын ИИМдин ЖКККББнын кызматкерлери Бишкек шаарындагы №25 орто мектебинин башталгыч жана орто класстын окуучуларына коопсуз жол кыймылына багыталган үгүт-насаат иш-чарасын өткөрүштү.

Кыргыз Республикасынын ИИМдин ЖКККББнын кызматкерлери Бишкек шаарындагы 25 орто мектебинин  башталгыч жана орто класстын окуучуларына коопсуз жол кыймылына багыталган үгүт-насаат иш-чарасын өткөрүштү.

Балдар тескөөчүлөгө алар жолдон кантип жана кандай отоорун айтып беришти.ЖКККББнын кызматкерлери балдардын көңүлүн окуу жайдын жанында жайгашкан өтө кооптуу жолдорго бурду, кечки убакта жолдо өзүн кантип алып жүрүү керектигин, ошондой эле окуучуларга  көпчүлүк курдаштары жолдон  өтүүдө кетирген каталарын көрсөтүп беришти.   

Андан соң окуучуларга жолдон өтүүдө кулакка такычтарды чечип, мектепке бараткада жана келе жатканда коопсуз озун алып журуусу тууралуу тасмаларды көрсөттү. Тасманы көрүп бүткөн соң, окуучуларга түстүү кагаздарды жана калем саптарды таратып, ал жака балдар өздөрүнүн  кыялдарын жазышты.  Иш- чаранын жыйынтыгында окуучулар кызматкерлерге кызыктуу сабак өткөндүгүнө  ыраазычылыгын билдирип, жол кыймылынын эрежелерин сактоого, өзүн корогоого жана кыялдарына жетүүгө сөз беришти.