Бишкек шаарында болгон жол кырсыгынан үч адам жаракат алып, бир адам каза болду

2019-жылдын 21-январь күнү  болжол менен саат 00:30 чамасында 25-жаштагы М.Э. “Мерседеc-Бенц” үлүсүндөгү унааны башкарып, Бишкек шаарынын, Анкара көчөсү менен батыш тарапты көздөй бара жатып №3Б дарегинин тушунан, карама-каршы багытта келе жаткан 29-жаштагы Б.Энин башкаруусундагы  “Тойота Авенсис” үлгүсүндөгү унаа менен кагылышып жол кырсыгына учураган.

Жол транспорт кырсыгынын кесепетинен “Тойота Авенсис” үлгүсүндөгү жүргүнчү  катары бара жаткан 33-жаштагы А.М. алган жаракаттарынан улам кырсык болгон жерден көз жумган. Ошондой эле эки унаанын айдоочулары жана “ Мерседес-Бенц” үлгүсүндөгү унаанын жүргүнчүсү 25 жаштагы Р.Э. алган жаракаттарынан улам ооруканага жаткырылышкан.

Жол кырсыгы боюнча чогултулган иш кагаздары, Бишкек ш ИИББнын тергөө башкармалыгынын жол кырсыктарды тергөө кызматына өткөрүлүп берилип. Тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.