"Эреже бил - коркпой кадам ташта!"

Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин студенттери Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын өкүлү менен жолугуп, жол коопсуздугу алкагындагы маалыматтарды алышты. Башкы башкармалыктын үгүт-насаат иштери боюнча өкүлү Тилек Оторов жаңы кабыл алынган “Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодекстин” жол коопсуздугуна байланышкан беренелери жөнүндө айтып берди. Оторовдун айтымында, жаңы кодекстин 121-128-беренелери жол кыймылынын коопсуздугун бузгандарга чара көрүү багытында иштелип чыккан жана бул беренелер менен айдоочулар гана эмес, жөө жүргүнчүлөр да таанышып коюшу шарт. Көпчүлүк студенттер жөө жүргөнү болгону менен, арасында айдоочулар да жок эмес. Окуу жайдын проректору Садык Тиллебаев мырза да акыркы учурларда болуп жаткан жол кырсыктары, жаштар арасындагы эреже бузууларга токтолуп, студенттерди мыйзамды сыйлоого чакырды. Студенттер кызматкерден өздөрүн кызыктырган суроолорун берип, тийиштүү жооп ала алышты. Бул жолугушуу жолдо жүрүү жана жол коопсуздугун маалымдоо багытында КР ИИМдин ЖКККБ башкармалыгы менен КУУнун ректоратынын келишиминин негизинде ишке ашты.