Бишкек ШИИББы боюнча ЖКККБнын кызматкерлери мектеп окуучулары менен жолугушушту.

Кышкы каникулдардын аякташы менен Бишкек ШИИББы боюнча ЖКККБнын кызматкерлери
тарабынан жаш өспүрүмдөр арасында жол кырсыктарын алдын алуу максатында, Бишкек шаарынын орто мектептеринде мектеп окуучулар арасында "Жолдо журсон сак бол!" аталыштагы иш- чара өткөрүлүп, жол эрежеси боюнча  балдарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Ошондой эле ,ар бир кызматкер бекитилген мектеп алдында окуучуларды жолдон өткөнгө  жардам берип, жолдо өзүн кантип коопсуз алып жүрүү тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

Мындай иш чаралар дайыма өткөрүлүп турмакчы. .