“Эрежени сактоо менен- өмүрдү сактайбыз!”

 Бүгүн биз жол кыймылынын катышуучулары менен жолугуп,. “Эрежени сактоо менен- өмүрдү сактайбыз!” аталышындагы акцияны өткөрүлдү.

 Бул акция жаш өспүрүмдөрдүн катышуусундагы жол-унаа кырсыктарын азайтуу багытындагы үгүт-насаат иш-чарасы жаш жол кыймылынын катышуучуларынын өмүрүн жана ден-соолугун сактоо, ошондой эле жарык чагылдыруучу элементти колдонуу тууралуу өттү.

 Кызматкерлер балдарга жолдо өзун кантип коопсуз алып жүрүү керектиги жөнүндө айтып берип, балдар менен биргеликте жол чырагын жана тескөөчүнүн кыймыл-аракеттин кайталап, жарык чагылдыруучу эленттин пайдасы тууралуу түшүндүрүп беришти.

Далилденгендей,  кийиминде жарык чагылдыруучу элементти бар адам 300 метр алыстыктан көрүнөт, ал эми жарык чагылдыруучу элементи жок адам 30 метрден айдоочуга көрүнөт, демек айдоочу токтоого жана ылдамдыгын азайтууга  үлгүрбөй калышы мүмкүн.

 Акциянын жыйынтыгында ата-энелер жана балдар ЖКККББнын кызматкерлерине ыраазычылыгын билдирип, жол кыймылынын эрежелерин бузбоого сөз беришти.