Чүй облустук ЖКККБнын кызматкерлери Сокулук районунан жүргүнчүнү сүзүп качкан айдоочуну кармашты.

2018-жылдын 22-февраль күнү болжол менен түнкү саат  21.10 чамасында Чүй облусунун, Ысык-Ата районунун, Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 44-чакырымында, белгисиз айдоочу, белгисиз унааны башкарып келе жатып азият улутундагы болжол менен 40-45 жаштагы жөө жүргүнчүнү сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен. Жол кырсыгынын кесепетинен, жөө жүргүнчү алган жаракаттарынан окуя болгон жерден каза болгон.

Жол кырсыгы Ысык-Ата РИИБде катталып, бул факты боюнча Чүй облустук ЖКККБнын издөө бөлүмүнүн башчысы жана Ысык-Ата райондук ЖККК бөлүмүнүн башчылары тарабынан ыкчам-издөө иштерин жүргүзүп, жол кырсыгы болгон жерде калган унаанын алдынкы бамперлеринин сыныктарын чогултуп, жакын жайгашкан видео-көзөмөл камераларын карап чыгып,болжол менен ошол маалда өткөн унааларды иликтөө менен, Мерседес үлгүсүндөгү унааны аныкташкан.

Унааларды текшерүү жүргүзүүнүн, күбөлөрдү сурамжылоонун натыйжасында, Чуй облусунун, Токмок шаарынын 28-жаштагы И.А. атуу тургуну, жол кырсыгынын белгилери бар«Мерседес-Бенц» үлгүсүндөгү унаасын башкарып бара жаткан жеринен токтотулуп, айдоочуну суракка алынган учурда, күнөөсүн толугу менен мойнуна алган. Ал эми,“Мерседес-Бенц” үлгүсүндөгү автоунаа Ысык-Ата райондук ИИБнин атайын токтотулуучу жайына киргизилип, айдоочу тергөө кызматынын тергөөчүсүнө өткөрүлүп берилди. Жол кырсыгы боюнча баардык тийиштүү экспертизалар жүргүзүлүп, иликтөө иштери жүргүзүлө баштады.