2017-ЖЫЛДЫН 24 - ЯНВАРЫНДА №10 КРНЫН МЫЙЗАМЫ МЕНЕН БЕКИЛГЕН 2019-ЖЫЛДЫН 1-ЯНВАРЬ АЙЫНДА КҮЧҮНӨ КИРЕ ТУРГАН КРНЫН БУЗУУЛАР ЖӨНҮНДӨ КОДЕКСИНЕН 19-БӨЛҮМҮНҮН КӨЧҮРМӨСҮ

ЭСКЕРТҮҮ. 1. Ушул главанын беренелериндеги транспорт каражаттары деп, автомобилдердин, трактордун бардык түрлөрүн, жана башка өзү жүрүүчү машиналарды, троллейбустарды, ошондой эле мотоциклдерди жана башка транспорт каражаттарын түшүнүү керек.

Ушул Кодекстин 121-128-беренелеринде каралган бузуулар жөнүндө иштер ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан каралат.

 

Берене

бөлүмчө

 

ФАБУЛАСЫ

Жаны айып пул санкциясы

Тийиштүү орган

Жеке адамдар үчүн

Юрид.

жактар үчүн

121-б

1

Эксплуатациялоого тыюу салынган, техникалык бузуктары бар транспорт каражаттарын айдоо, -

3-категория

(5500 сом)

3-категория

(17000 сом)

ЖКККББ

2

Бул транспорт каражаты үчүн милдеттүү болгон техникалык кароодон өтпөгөн транспорт каражатын айдоо, -

2-категория

(3000 сом)

2-категория

(13000 сом)

ЖКККББ

3

Транспорт каражатын каттоо, номердик белгини жайгаштыруу тартибин бузуу -

1- категория

(1000 сом)

1- категория

(5000 сом)

ЖКККББ

4

Калктуу конуштарда мотошлемдерди же коопсуздук курларын пайдалануу эрежелерин бузуу -

1- категория

(1000 сом)

1- категория

(5000 сом)

ЖКККББ

5

Калктуу конуштан тышкары жерлерде мотошлемдерди же коопсуздук курларын пайдалануу эрежелерин бузуу -

2- категория

(3000 сом)

2- категория

(13000 сом)

ЖКККББ

122-б

1

Транспорт каражатын тиешелүү категориядагы айдоочулук ырастамасы же транспорт каражатын каттоочу документи жок айдоо -

1- категория

(1000 сом)

1- категория

(5000 сом)

ЖКККББ

2

Жерде жүрүүчү транспорт каражатынын ээсинин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандырылышын ырастаган, мыйзамдарда каралган документи жок айдоосу, -

2- категория

(3000 сом)

2- категория

(13000 сом)

ЖКККББ

3

Транспорт каражатын мындай транспорт каражатын айдоого укугу жок адамдын айдоосуна, же транспорт каражатын айдоого укугу жок адамга мындай транспорт каражатын айдаганга берүү, -

Эскертүү. Бул берененин жоболору мыйзамдын негизинде белгиленген тартипте транспорт каражатын айдоого үйрөнүп жаткан адамдарга карата колдонулбайт.

3- категория

(5500 сом)

3- категория

(17000 сом)

ЖКККББ

123-б

1

Транспорт каражатынын айдоочусунун транспорт каражаттарынын кыймылынын ылдамдыгы саатына 20 километрден көп эмес белгиленген чектөөлөрдөн ашуусу, же жол белгилериндеги талаптарды, же болбосо жолдун өтүү бөлүгүндөгү белгилерди бузуусу, же жүктөрдү ташуу, же болбосо транспорт каражаттарын чиркеп сүйрөө эрежелерин бузуусу, же токтотуу, же болбосо токтоп туруу эрежелерин бузуусу, же жөө жүрүүчүлөрдүн өткөөлүнөн өтүү эрежелерин бузуусу, же жөө жүрүүчүлөрдүн жөнгө салынбаган өткөөлдөрүндө жөө жүрүүчүлөрдүн кыймылына артыкчылыктарды бербөөсү, же тротуар менен, же болбосо жөө жүрүүчүлөрдүн жолу менен жүрүүгө тыюу салууну бузуусу -

1- категория

(1000 сом)

1- категория

(5000 сом)

ЖКККББ

2

Транспорт каражатынын айдоочусунун жол кесилиштеринен өтүү, жалпы пайдалануудагы транспорт каражаттарын токтотуу эрежелерин бузуусу, же светофордун тыюу салуучу сигналынан же болбосо жөнгө салуучунун жаңсоосуна карабай өтүп кетүүсү, же кууп өтүүнүн же болбосо каршы өтүүнүн, коопсуз аралыктын, интервалдын же болбосо транспорт жүргөн жол бөлүгүндө транспорт каражаттарын жайгашуусунун эрежелерин бузуусу, же автомагистралдарда жүрүү эрежелерин бузуусу, же тышкы жарык берүүчү приборлорду же болбосо эскертүү сигналдарын пайдалануу эрежелерин бузуусу, ал приборлорду стандарттардын талаптарын бузуу менен пайдалануусу, же болбосо аларды кайтадан башкача жабдуусу, же айдоочунун транспорт каражатында жүрүп баратканда колдун жардамысыз сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө мүмкүндүк берүүчү, техникалык түзүлүштөр менен жабдылбаган байланыш каражаттарынан пайдалануусу (шашылыш, кечиктирилгис кызматтык милдеттерди аткаруу убагындагы атайын транспорт каражаттарынын айдоочуларын албаганда), же айдоону үйрөтүү эрежелерин бузуусу -

2- категория

(3000 сом)

2- категория

(13000 сом)

ЖКККББ

 

3

Атайын жарык берүүчү же болбосо үн чыгаруучу сигналдык түзүлүштөрүн иштетүү менен жүрүп бараткан кырсыктык-куткаруу кызматтарынын, медициналык тез жардамдын, өрттөн сактоонун, ички иштер органдарынын транспорт каражаттарына жүрүп баратканда артыкчылык бербөө же коомдук транспорт каражаттарына артыкчылык бербөө, анын ичинде каттамдык транспорт каражаттары үчүн тилкеде жүрүү же болбосо токтотуу эрежелерин бузуу, -

3- категория

(5500 сом)

3- категория

(17000 сом)

ЖКККББ

4

Транспорт каражаттарынын кыймылы үчүн ылдамдыгы саатына 40 километрден ашпаган чектөөлөр коюлган жерлерде транспорт каражатынын айдоочусунун ылдамдыкты ашырышы -

4- категория

(7500 сом)

4- категория

(23000 сом)

ЖКККББ

124-б

-

Автоээнбаштык, башкача айтканда, транспорт каражатын айдоочунун коомго ачыктан-ачык урматтабагандыкты билдирген, Жол кыймылынын эрежелерин жана транспорт каражатын пайдаланууну бузуу менен коштолгон (автомобиль жарышы, белгиленбеген жерлерде ар кандай түрдөгү көрсөтмөлүү айдоо ж.б.) коомдук тартипти жана жарандардын тынчтыгын ачыктан-ачык бузган атайын аракеттери, -

4- категория

(7500 сом)

4- категория

(23000 сом)

ЖКККББ

125-б

1

Жөө жүрүүчүнүн, велосипедчендин, көлүк унаа башкаруучунун, мал айдоочулардын жол кыймылынын эрежелерин бузуусу -

1- категория

(1000 сом)

1- категория

(5000 сом)

ЖКККББ

2

Мас абалындагы адам жасаган ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган жосун, -

2- категория

(3000 сом)

2- категория

(13000 сом)

ЖКККББ

126-б

-

Ички иштер органдарынын, улуттук коопсуздук кызматынын кызматкерине же медициналык кызматкерге кечиктирилгис учурларда транспорт каражатын бербей коюу -

2- категория

(3000 сом)

2- категория

(13000 сом)

ЖКККББ

127-б

1

Ушул Кодексте эске алынгандарды кошпогондо, жол кыймылынын эрежелеринин башка талаптарын бузуу, -

1- категория

(1000 сом)

1- категория

(5000 сом)

ЖКККББ

2

Ошол эле жосун транспорт каражатынын, жүктүн, автомобиль жолунун, көчөнүн, темир жол өткөөлүнүн, жол курулмасынын же башка мүлктүн бузулушуна алып келсе, -

Эскертүү. Жарандык-укуктук жоопкерчилиги камсыздандырылган адам милдеттүү түрдө камсыздандыруу мыйзамдарына ылайык жол-транспорт кырсыгынын катышуучусу бул жөнүндө биргелешип кабарлоо түзүү укугунан пайдаланган шарттарда транспорт каражатынын бузулуусуна алып келген, бул беренеде каралган жол кыймылынын эрежелерин бузгандыгы үчүн жоопкерчилик тартпайт.

3- категория

(5500 сом)

3- категория

(17000 сом)

ЖКККББ

128-б

1

Алкоголдук, баңгизаттык же токсикоманиялык мас абалындагы айдоочунун транспорт каражатын айдоосу, -

8- категория

(17500 сом)

8- категория

(55000 сом)

ЖКККББ

2

Алкоголдук, баңги заттык же токсикоманиялык мас абалындагы адамга транспорт каражатын айдоого берүү -

7- категория

(15000 сом)

7- категория

(45000 сом)

ЖКККББ

3

Айдоочунун же транспорт каражатын башкаруучу адамдын, белгиленген тартипке ылайык анын мастыгын текшерип кароодон өтүүсүнөн баш тартуусу

3- категория

(5500 сом)

3- категория

(17000 сом)

ЖКККББ