Чүй облусунун Сокулук району боюнча ЖКККБ кызматкерлери Военно-Антоновка интернатында билим алган балдарга жолугушту

2018-жылдын 21-декабрында Чүй облусунун Сокулук району боюнча ЖКККБ кызматкерлери  Военно-Антоновка интернатында билим алган балдарга жолугушту.  

Бул жолугушуунун максаты, ата-энесинен айрылган балдарга көңүл буруп,  келе жаткан жаны жылы менен куттуктап жана жол кыймылынын эрежелери тууралуу түшүндүрүү.  Сокулук районунун тескөөчүлөрү балдарга жолугушууда  жол кыймылынын эрежелери тууралуу айтып берип, ошондой эле жаңы жылдык белектерди беришти. 

Өз кезегинде Военно-Антоновка интернат мектебинин мугалимдер жамааты жана балдары Сокулук районунун тескөөчүлөрүнө жол кыймынын эрежелери тууралуу өткөн сабактарына жана белектерине ыраазычылыктарын айтышып, ар дайым жол эрежесин так аткарууга сөз беришти.