Жол эрежесин бузган айдоочуга карата кызматкерлер курал колдонууга мажбур болушту.

2018-жылдын 23-декабрь күнү, саат 18.00 чамасында Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу бѳлүмүнүн ага тескѳѳчүсү милициянын лейтенанты К.А. жана кенже тескѳѳчүсү милициянын сержанты С.А. кызматтык милдеттерин аткаруу учурунда кара түстѳгү «Мерседес-Бенц» үлгүсүндѳгү  автоунаасы бардык терезелери толугу менен караңгылатып жүргѳнүн кѳрүшкѳн. Инспекторлор аталган унаанын айдоочусуна токтотуу үчүн белги бергенде-айдоочу баш бербестен , катуу ылдамдыкта ѳтүп кеткен. Автоунаанын арткы мамлекеттик белгилери дагы жок болгон. Аталган автоунаа жогорудагы кызматкерлер тарабынан токтотууга аракеттер кѳрүлгѳн. Айдоочу токтобостон, карама каршы жол тилкесине чыгып, жарандардын ѳмүрүнѳ коркунуч жаратып, авариялык кырдаал жаратып, катуу ылдамдыкта кетип калган. Аталган кызматкерлер аталган автоунаанын артынан Ош шаарынын Исанов кѳчѳсүндѳ жайгашкан «Народный» дүкѳнүнүн алдына чейин барышып, атайын кызматтык автоунаа менен алдын тороп токтотушкан. Инспектор, милициянын сержанты токтотулган автоунаага карай кѳздѳй бара жаткан учурда айдоочу келе жаткан милиция кызматкерине карата артка карай катуу айдап, кайрадан качууга аракет жасаган. Инспектор С.А. келе жаткан автоунаадан качууга аракет жасаган, бирок, автоунаа анын оң бутун тебелеп кеткен. Айдоочу кайрадан автоунаасы менен качып жѳнѳгѳн. Аны артынан тез арада токтотуу максатында милиция кызматкерлер К.А. анын артынан түшүп, Ош шаарынын Суюнбаев кѳчѳсүнѳ жеткенде кууп жетип, токтоого ишараат жасашкан. Бирок, айдоочу кайрадан баш бербей жолун уланта бергендиктен милиция кызматкерлери автоунааны бузуп токтотуу максатында табелдик куралы менен «Мерседес-Бенц» үлгүсүндѳгү машинанын алдыңкы дѳңгѳлѳктѳрүнѳ карата ок чыгарган. Атылган ок автоунаанын алдыңкы сол тарабындагы дѳңгѳлѳктүн үстүнѳ тийип, андан кайып ѳтүп, жол четинде бараткан 1961-жылы туулган, Ош шаарынын тургуну, А. Ю.га тийген. Натыйжада жаран А.Ю. жана бутунан жабыркаган милиция кызматкери С.А. Ош шаардык ооруканасына жеткирилип, тез жардам кѳрсѳтүлгѳн.

Учурда алардын ѳмүрүнѳ коркунуч жок.

Айдоочу кармалды. Ал Ош облусунун Кара-Суу районунун Тѳлѳйкѳн айылынын 1999-жылы туулган тургуну, КР ИИМдин ыкчам катоосунда кылмыштуу топтордун бирөөсүнүн мүчѳсү катары каттоодо турган, мурда каракчылык менен соттолгон, А.А. болуп чыкты. Ал жаза процессуалдык кодексинин 94-беренесине ылайык убактылуу кармоочу жайга киргизилди, айдап жүргѳн автомашинасы атайын токтотуучу жайга коюлду.

Азыркы учурда окуянын күбѳлѳрү суралып, тийиштүү экспертизалар дайындалды. Жагдайды толук, объективдүү жана ар тараптуу изилдѳѳгѳ багытталган алгачкы текшерүү аракеттери жүргүзүлүүдѳ.