Чүй районунун Арал атындагы орто мектебинде кышкы эс алууга чыгаардын алдында Чүй облусу боюнча ЖКККБнын кызматкерлери жол кыймылынын коопсуздугу тууралуу сабак өтүштү.

Чүй облусу боюнча ЖКККБнын кызматкерлери Чүй районунун Арал атындагы орто мектептин окуучуларына  алдын ала эскертүү максатында, жолдо жүрүүдө коопсуздукту сактап, жөө жүргүнчүлөр өтүүчү өтмөктөрдөн  уюлдук телефондорду жана кулакка таккычтарды колдонбоону эскертишти.

Мындан тышкары, окуучуларга жолдон коопсуз өтүү тууралуу видеотасмалар көрсөтүлүп,  жөө жүргүнчүлөр кетирген каталарды чечмелеп беришти. Видеотасмада кээ бирлери өздөрүнүн каталарын көрүп,  тескөөчүлөргө жолдо жүрүүдө жана өтүүдө дыккат болоорун жана жол кыймылынын эрежелерин сактоого сөз беришти.