Токмок шаары боюнча ЖККБнын тескөөчүлөрү Республикалык адистештирилген балдарды дарылоо борборунда болуп кайтышты.

2018-жылдын 19-декабрында Токмок шаары боюнча ЖККБнын тескөөчүлөрү  Жалпы адам укуктарнын декларациясынынын 70 жылдыгын майрамдоого, ошондой эле  Жаңы жылга карата Республикалык адистештирилген балдарды дарылоо борборунда болуп кайтышты.
Бул иш-чаранын максаты- мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга көңүл буруу жана  келе жаткан жаңы жыл менен куттуктоо.
Токмок шаары боюнча  ЖККБнын жетекчилери  жана кызматкерлер балдар менен жолугуп, борбордун жетекчилерине керектүү жабдыктарды тапшырышты. Жооп катарында балдар ырларды окуп, белектерди алышты.
 Өз кезегинде Балдарды дарылоо борборунун мүдүрү  Аманбаева Гульнара Жалиловна  балдардын  жана үй-бүлөлөрдүн атынан Токмок шаары боюнча ЖККБнын тескөөчүлөрүнө балдарга көңүл бургандыгы үчүн терең ыраазычылыгын билдирди.