КЫЗМАТТЫК ИЛИКТӨӨ ЖЫЙЫНТЫКТАЛЫП, ЖКККБНЫН КЫЗМАТКЕРЛЕРИ ТАРТИПТИК НЕГИЗДЕ ТИЕШЕЛҮҮ ЖАЗАЛАРЫН АЛЫШТЫ

Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ички иликтөө кызматы менен ИИМдин ЖКККББгы бирдикте жүргүзгөн кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы менен Бишкек ШИИББси боюнча ЖКККБнын 9 кызматкери тартиптик негизде тиешелүү жазаларын алышты.
     Кыргыз Республикасынын Административдик жоопкерчилик жөнүндөгү кодексинин, Кыргыз Республикасынын ИИОнун Ички кызматтык уставынын жана кесиптик этикасы кодексинин талаптарын одоно бузуп, кызматкердин жеке, нравалык жана кесиптик сапаттарында көрсөтүлгөн талаптарга карама-каршы келген жоруктарды жасап, Кыргыз Республикасынын ИИОнун кызматкерлеринин кызматтык аброюн түшүрүп, коомдук кызуу талкуу жараткандыгы үчүн Бишкек ШИИББси боюнча ЖКККБнын кенже тескөөчүсү, милициянын прапорщиги А. Б. менен милициянын сержанты И. Б. ээлеген кызматтарынан бошотулушту.
     Кыргыз Республикасынын ИИОнун Тартиптик уставынын, Ички кызматтык уставынын талаптырын бузуп, кызматтык милдеттерин тиешелүү деңгээлде аткарбай, андан сырткары көзөмөлдү жоктугунан кол алдындагы кызматкерлери тарабынан дисциплинардык жоруктарды кылууга алып келгендиги үчүн төмөнкүдөй жазаларды алышты: Бишкек ШИИББси боюнча ЖКККБнын взводунун ага тескөөчүсү, милициянын лейтенанты Н. А., Бишкек ШИИББси боюнча ЖКККБнын взводунун командири, милициянын подполковниги Д.С., Бишкек ШИИББси боюнча ЖКККБнын батальонунун командиринин орун басары, милициянын майору Ж.уулу У., Бишкек ШИИББси боюнча ЖКККБнын башчысынын орун басары, милициянын полковниги Т. Д. катуу сөгүш жарыяланды, Бишкек ШИИББси боюнча ЖКККБнын башчысы, милициянын полковниги Ш. Б. катуу сөгүш жарыяланды. Ал эми Бишкек ШИИББси боюнча ЖКККБнын штабынын тескөөчүсү, милициянын лейтенанты К. И. сөгүш жарыяланды. Ошондой эле Бишкек ШИИББси боюнча ЖКККБнын батальонунун командири, милициянын майору Р. К. жазган рапорту боюнча ээлеген кызматынан бошотулду.